# 303-берене. Товарларды экспорттоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-303>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-303.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 303-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-303

---

1. Металл камтылган кендерди, концентраттарды, эритиндилерди жана аффинаждалган металлдарды экспорттоону кошпогондо, товарларды экспорттоо КНС нөлдүк ставкасы менен берүү болуп саналат.

2. ЕАЭБ мүчө-мамлекеттерге товарларды экспорттоодо, ошондой эле иштетип алма чийки заттарды кайра иштетүү продуктуларын ташып чыгууда КНС төлөөчү көрсөтүлгөн товарларды жөнөткөн күндөн тартып 180 күндүн ичинде Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тизмеге ылайык КНС боюнча салык отчету менен бир убакта документти салык органына берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [302-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-302)  
Кийинки берене: [304-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-304)
