# 301-берене. Кыргыз Республикасынын аймагына негизги каражаттардын, ошондой эле айрым товарлардын импортун КНС бошотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-301>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-301.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 301-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-301

---

1. КНС төлөөчү же бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму режимин пайдалануучу субъект тарабынан наркы 5000 эсептик көрсөткүчтөн кем болбогон товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо импортко КНС төлөөдөн бошотулат, эгерде товар төмөнкүлөр катары ташып кирилсе:

1) түздөн-түз өзүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн негизги каражаттар;

2) исламдык каржылоого ылайык мурабаха, иджара мунтахийя биттамлик келишимдери боюнча же финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча андан ары өткөрүп берүү үчүн банк же лизингдик компания тарабынан сатып алынган негизги каражат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган бошотуу төмөнкү товардык позицияларда классификацияланган товарларга жана негизги каражаттарга жайылтылат:

1) ТЭИ ТН 7308, 7326, 8401-8406, 840710, 8410-8414, 8416-8447, 8449-8465, 8471, 8474, 8475, 8477-8480, 8502, 8504, 8505, 8514, 8515, 8525, 8526, 8529, 8530, 8601-8606, 8608, 8609, 8701, 8702 (микроавтобустарды кошпогондо), 8704, 8705, 8709, 8716, 8802, 8903 (кыймылдаткычы жок же электр кыймылдаткычы менен гана жүргүзүлүүчү парустуу кемелерге гана карата), 9018, 9022, 9027, 9406 90 310 0;

2) ТЭИ ТН 7309, 7311, 7326, 7610, 8481, 8501, 8532, 8535, 8537, 8544, 9025, 9031, (мунайды кайра иштетүү, химиялык жана нефтехимиялык өндүрүш чөйрөсүндө иш жүргүзгөн субъекттер үчүн гана).

3. КНС төлөөчү катары салык төлөөчү статусуна карабастан, жеке өндүрүштүк максаттар үчүн төмөнкүлөр тарабынан жүзөгө ашырылуучу, ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган негизги каражаттардын импорту КНС төлөөдөн бошотулат:

1) айыл чарба өндүрүүчүлөрү;

2) айыл чарба кооперативи, анын ичинде кооперативдин мүчөлөрүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн;

3) машина-трактордук станциясы;

4) айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбору;

5) (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы N 243 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6) зер буюмдарын өндүрүүчүлөр.

4. Ушул беренеге ылайык импорт болгон датадан тартып 60 айлык мезгил аяктаганга чейин, ЕАЭБ мүчө-мамлекеттин аймагынан ташып кирилген негизги каражаттар ээликтен ажыратылса, мындай ажыратуу салык салынуучу импортко теңештирилет. Импортко КНС боюнча салыктык милдеттенме мындай негизги каражаттын импортунун датасынан келип чыгат.

5. Ушул берененин максатында товарды өткөрүп берүү төмөнкү учурларда ээликтен ажыратуу болуп саналбайт:

1) финансылык ижара келишими боюнча;

2) исламдык каржылоого ылайык мурабаха жана иджара мунтахийя биттамлик келишимдери боюнча.

6. Айыл чарба кооперативи жана айыл чарба өндүрүүчүсү тарабынан түздөн-түз өздүк өндүрүштүк максаттары үчүн, ошондой эле кооперативдин мүчөлөрүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган негизги каражаттарды импорттоодо, ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган нарктын чектелишин эске албастан, импортко КНС төлөөдөн бошотулат.

(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [300-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-300)  
Кийинки берене: [302-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-302)
