# 3-берене. Эл аралык келишимдердин жана башка макулдашуулардын колдонулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 3-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-3

---

1. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимде Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралгандан башка принциптер жана ченемдер белгиленсе, анда ошол эл аралык келишимдин принциптери жана ченемдери колдонулат.

Эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан түзүлгөн макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары - Жогорку Кеңеш) тарабынан ратификацияланса же макулдашуу Жогорку Кеңеш ратификациялаган макулдашууну аткаруу үчүн Жогорку Кеңештин тапшырмасы боюнча түзүлсө, же болбосо Жогорку Кеңештин тапшырмасы боюнча түзүлгөн мындай макулдашуу кийин аны аткарууну улантуу максатында Министрлер Кабинети тарабынан өзгөртүлсө, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралгандан башка ченемдерди белгилесе, анда мындай макулдашуу менен жөнгө салынган салык мамилелерине ушул Макулдашуунун ченемдери колдонулат.

3. (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243)

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-4)
