# 299-берене. Импорттолуучу куралдарды, аскер техникаларын, аскердик мүлктү, атайын техникаларды жана атайын каражаттарды КНС бошотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-299>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-299.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 299-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-299

---

1. Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздугун жана укук тартибин камсыз кылуу максатында иши Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен каржыланган мамлекеттик органдар жана уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу куралдар, аскердик техникалар, аскердик мүлк, атайын техникалар, атайын каражаттар КНС төлөөдөн бошотулат.

2. Ушул беренеде көрсөтүлгөн товарды импорттоо ТЭИ ТН ылайык Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тизмек боюнча КНС төлөөдөн бошотулат.

---

Мурунку берене: [298-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-298)  
Кийинки берене: [300-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-300)
