# 297-берене. Импорттолуучу товарларды КНС бошотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.12.2025 [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 23.07.2024 [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207); 02.02.2024 [Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001081); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=44293..45757>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-297>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-297.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 297-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-297

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу төмөнкүдөй товарлар КНС төлөөдөн бошотулат:

1) баалуу кагаздар, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортторунун жана аныкталган үлгүдөгү инсандыгын ырастоочу күбөлүктөрүнүн бланктары;

2) коммерциялык эмес уюмдар, республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси же жеке пайдалануу үчүн жеке жактар тарабынан импорттолуучу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн адистештирилген товарлар;

Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 12-февралындагы N 37 Мыйзамы менен берилген берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна киргизилген өзгөртүүлөр, 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

3) окуу куралдар жана мектептик окуу буюмдары, илимий басылмалар;

4) ЕАЭБ укугун түзүүчү, бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу эл аралык келишимдерде жана актыларда жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган бажы жол-жоболорунун алкагында КНС төлөөдөн бошотуу каралган товарлар;

5) сейсмикалык абалды өлчөө жана контролдоо боюнча геологиялык (геофизикалык, геодезиялык) экспедициялардын илимий жабдуулары;

6) акциздик жыйымдын маркалары, идентификациялоо каражаттары жана нумизматтык максатта пайдалануудан тышкары валюта;

7) өзгөчө кырдаалдардын, куралдуу жаңжалдардын кесепеттерин жоюуда жардам көрсөтүү үчүн;

8) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте гуманитардык жардам жана/же грант катары - 2030-жылдын 1-январына чейин;

9) ушул Кодекстин 295-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген тартипте жана шарттарда социалдык жактан маанилүү объект жөнүндө келишим боюнча;

10) эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелеринин расмий пайдалануулары үчүн жана эл аралык уюмдар, ошондой эле дипломатиялык агенттер, ага кошо үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке пайдалануулары үчүн;

11) балдардын тамак-ашы;

12) жаратылыш газы;

13) дары каражаттары, анын ичинде жаныбарлар үчүн вакциналар жана дары каражаттары, медициналык буюмдар, ошондой эле дары каражаттарын, жаныбарлар үчүн дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүүдө пайдаланылуучу баштапкы материалдар;

Караңыз: КР Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 29-августундагы N 539 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 268 жана 297-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому

14) өздүк өндүрүштүк максаттар үчүн айнек кайнатуучу мештерди жана конвертерди (ферроэритүүчү мештерди) куруу жана реконструкциялоо үчүн адистештирилген товарлар - 2031-жылдын 1-январына чейин;

15) банктык жабдуулар (банкоматтар, төлөм терминалдары жана банктык киосктор) - 2024-жылдын 1-январына чейин.

Көрүүсү боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жеткиликтүүлүк тутумдары менен жабдылган банк жабдуулары - 2029-жылдын 1-январына чейин;

16) электр энергиясы;

17) 870240, 870380 жана 890110 товардык позицияларында Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасы (ЕАЭБ ТЭИ ТН) менен классификациялануучу, электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келтирилүүчү, чыгарылган жылы 5 жылга чейинки жерде жүрүүчү жана суу транспорт каражаттары, ошондой эле аларга тетиктер;

18) ТЭИ ТН 8504 40 550 0 жана 8504 90 980 0 товардык позицияларында классификацияланган электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келтирилүүчү транспорт каражаттарын электр менен кубаттоо үчүн жабдуулар;

19) май куюучу уюмдар тарабынан эл аралык аба ташууларын жүзөгө ашыруучу аба кемелерине куюу үчүн борттук камылга катары импорттолуучу реактивдүү отун - 2031-жылдын 1-январына чейин;

20) энергиянын кайра жаралуучу булактарын жана гидроэлектростанцияларды пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн арналган адистештирилген товарлар жана жабдуулар;

21) өздөрүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн мындай техниканын өндүрүүчүсү тарабынан импорттолуучу айыл чарба техникасын жана транспорт каражаттарын чыгаруу жана чогултуу үчүн багытталган комплекттөөчү бөлүктөр;

22) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу энергия жана ресурстук натыйжалуулук талаптарына жооп берген жабдуулар жана анын тетиктери;

23) өсүмдүк майларын, канаттуулар жана балыктар үчүн тоюттарды өндүрүүгө арналган чийки зат - 2025-жылдын 1-январына чейин;

24) ККМ реестрине киргизилген ККМ жана аларды оңдоо жана/же өндүрүү же чогултуу үчүн алардын комплекттөөчү бөлүктөрү жана/же тетиктери;

24-1) ККМдин реестрине киргизилген программалык ККМди орнотуу функциясы менен операциялык системалуу POS-терминалдар жана алардын оңдоо жана/же өндүрүү же чогултуу үчүн комплекттөөчү бөлүктөрү жана/же тетиктер; 24-2) ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен тизмеге ылайык программалык ККМ орнотууга багытталган чектин орнотулган принтери жана операциялык тутуму бар электрондук түзүлүштөр; 24-3) ушул берененин 1-бөлүгүнүн 24-2-пунктунда көрсөтүлгөн электрондук түзүлүштөргө аларды оңдоо жана/же өндүрүү же чогултуу үчүн комплекттөөчү бөлүктөр жана/же тетиктер;

25) Улуттук банк тарабынан ташып киргизилүүчү баалуу металлдар, анын ичинде аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалар, инвестициялык монеталар;

26) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу субъекттер тарабынан импорттолуучу, спортту өнүктүрүүгө багытталган товарлар;

27) зер буюмдарын өндүрүү үчүн арналган, мындай буюмдарды өндүрүүчү тарабынан өзүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн импорттолуучу металл камтыган рудалар, концентраттар, эритиндилер жана аффинаждалган металлдар;

28) АSТМ 08364 стандарты боюнча сертификатталган, ирригациялык каналдарды куруу же калыбына келтирүү үчүн арналган, ЕАЭБ ТН ТЭИ 5603 14 900 0 коду менен классификацияланган геосинтетикалык цементтик композиттик маттар, - 2027-жылдын 1-январына чейин.

29) футбол чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү уюмдар тарабынан футболду уюштуруу жана өнүктүрүү максаттары үчүн гана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген товарлар, анын ичинде спортчуларды даярдоо, мелдештерди өткөрүү жана футболдук инфратүзүмдү пайдалануу үчүн колдонуучу спорттук жабдуулар, инвентарь, формалар, экипировкалар, адистештирилген материалдар жана техникалык каражаттар.

30) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган субъекттер тарабынан импорттолуучу зергердик өндүрүш үчүн арналган жабдуу жана технологиялар, реактивдер жана жарым фабрикаттар.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2, 3, 11, 13, 14, 17, 20-23, 26, 30-пункттарында көрсөтүлгөн товарларды импорттоо ТЭИ ТН ылайык Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү тизмек боюнча КНС төлөөдөн бошотулат.

3. Ишкердик ишин жүргүзбөгөн жеке жак тарабынан импорттолгон товар Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген ченемдердин чегинде КНС салуу объектиси болуп саналбайт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [296-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-296)  
Кийинки берене: [298-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-298)
