# 296-берене. КНС бошотулган башка берүүлөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 31.12.2025 [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461); 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 23.07.2024 [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207); 02.02.2024 [Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001081); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-296>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-296.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 296-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-296

---

КНС бошотулган берүү болуп төмөнкүлөр саналат:

1) уюмдун уставдык капиталына мүлктү өткөрүп берүү, ошондой эле уюм тарабынан катышуучуга мүлк түрүндө салымдын суммасын кайтарып берүү;

2) исламдык каржылоого ылайык шарика келишими боюнча өнөктөш менен уюмдун ортосундагы мүлктү өткөрүп берүү жана кайра кайтаруу;

3) диний каадаларды, ырым-жырымдарды, аземдерди өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле ажылык зыяраттарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча коммерциялык эмес уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрү;

4) ЕАЭБде жыштыкты (кубаттуулукту) жөнгө салуу боюнча кызматтарды көрсөтүү, эгерде аларды берүү орду Кыргыз Республикасынын аймагы болуп саналса;

5) Кыргыз Республикасынын ишканаларында чыгарылган жана/же чогултулган транспорт каражаттарын, ошондой эле алардын комплекттөөчүлөрүн берүү;

6) ККМдин реестрине киргизилген ККМди жана оңдоо жана/же өндүрүү же чогултуу үчүн аларга комплекттөөчү бөлүктөрдү жана/же тетиктерди берүү жана тейлөө;

7) ККМдин реестрине киргизилген программалык ККМди орнотуу функциясы бар операциялык системалуу POS-терминалдарды жана ондоо жана/же өндүрүү же чогултуу үчүн аларга комплекттөөчү бөлүктөрдү жана/же тетиктерди берүү;

8) акциздик жыйым маркаларын, Кыргыз Республикасынын жаранынын белгиленген үлгүдөгү паспортторунун жана инсандык ырастамаларынын бланкаларын берүү.";

9) ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен тизмеге ылайык программалык ККМ орнотуу үчүн багытталган чектин орнотулган принтери жана операциялык тутуму бар электрондук түзүлүштөрдү берүү;

10) ушул берененин 9-пунктунда көрсөтүлгөн электрондук түзүлүштөргө аларды оңдоо жана/же өндүрүү же чогултуу үчүн комплекттөөчү бөлүктөрдү жана/же тетиктерди берүү;

11) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу субъекттерге спортту өнүктүрүүгө багытталган товарларды берүү. Спортту өнүктүрүүгө багытталган товарлардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет;

12) (КР 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

13) футболду уюштуруу жана өнүктүрүү, анын ичинде мелдештерди өткөрүү, спортчуларды даярдоо, футбол инфратүзүмүн пайдалануу жана күтүү менен түздөн-түз байланышкан иш бөлүгүндө футбол чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу товарларды берүү, жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү.

14) ТЭИ ТН 8703 товардык позициясында классификациялануучу жеңил автомототранспорт каражаттарын берүү - 2029-жылдын 1-январына чейин.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [295-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-295)  
Кийинки берене: [297-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-297)
