# 295-берене. Социалдык маанилүү объект жөнүндө келишимге ылайык товарларды же жумуштарды берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 23.07.2024 [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=13809..27071>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-295>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-295.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 295-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-295

---

1. Социалдык маанилүү объект жөнүндө келишимге ылайык товарларды же жумуштарды берүү КНС бошотулган берүүлөр болуп саналат.

2. Ушул берененин максаты үчүн:

1) социалдык маанилүү объектти реконструкциялоо, өндүрүү жана/же куруу же сатып алуу жөнүндө төмөнкүлөрдүн ортосундагы үч тараптуу келишим социалдык маанилүү объект жөнүндө келишим деп таанылат:

а) бир тарабынан грант берүүчү менен;

б) экинчи тарабынан жумуштун подрядчиги же товарларды берүүчү менен;

в) үчүнчү тарабынан мамлекеттик орган же мамлекеттик мекеме, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, жеке уюм менен.

2) социалдык маанилүү объект жөнүндө келишим анык деп таанылат, эгерде:

а) мамлекеттик органга же мамлекеттик мекемеге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, жеке уюмга жумуштарды өткөрүп берүү же товарды, же кыймылсыз мүлк объектин, курулманы берүү социалдык маанилүү объектти реконструкциялоодо, курууда же өндүрүүдө мындай келишим түзүлгөн датадан тартып 3 жылдан кеч эмес мөөнөттө жана социалдык маанилүү объектти импорттоодо Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген күндөн же Кыргыз Республикасынын аймагында мындай объектти сатып алган күндөн тартып бир жылдан кеч эмес мөөнөттө жүзөгө ашырылса;

б) жумуштардын подрядчиги же товарларды берүүчү социалдык маанилүү объект жөнүндө келишимди түзүү тууралуу салыктык каттоо жери боюнча мындай келишим түзүлгөн датадан кийин катары менен келүүчү 30 календардык күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө салык органына билдирсе.

Билдирүү берүү жөнүндө талап мындай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген датадан кийинки катары менен келүүчү 30 календардык күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө социалдык маанилүү объект жөнүндө келишимге карата өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго жайылтылат. Социалдык маанилүү объект жөнүндө келишим түзүү же мындай келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу билдирүүнүн формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет;

3) социалдык маанилүү объект деп төмөнкүдөй товар же кыймылсыз мүлк объекти, курулма таанылат:

а) калктын саламаттык сактоо, билим берүү, маданият, дин, спорт жана социалдык инфратүзүм жаатындагы керектөөсүн канааттандырууга багытталган; жана

Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамы менен берилген берененин 3-пунктунун а) пунктчасына киргизилген өзгөртүүлөр, 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

б) грант берүүчүнүн эсебинен реконструкцияланган, чыгарылган же курулган. же сатып алынган; жана

в) мамлекеттик органга же мамлекеттик мекемеге, жергиликтүү өч алдынча башкаруу органына, жеке уюмга андан ары пайдалануу үчүн өткөрүп берилген:

4) грант берүүчү деп социалдык маанилүү объектти реконструкциялоо, өндүрүү жана/же куруу, жана/же сатып алуу үчүн грант берген, социалдык маанилүү объект боюнча үч тараптуу келишимдин негизинде андан ары пайдалануу үчүн аны мамлекеттик органга же мамлекеттик мекемеге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, жеке уюмга өткөргөн жеке жак же жеке адамдар жана/же уюм же уюмдар таанылат.

(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [294-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-294)  
Кийинки берене: [296-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-296)
