# 288-берене. Акысыз негиздеги берүүлөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=1286441..1286442>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-288>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-288.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 288-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-288

---

1. КНСтен бошотулган берүү деп төмөнкүлөр боюнча акысыз негизде өткөрүп берүү саналат:

1) Министрлер Кабинетинин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча:

а) 50 пайыздан ашык мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарбакер коомдун жана/же аталган объекттерди багыты боюнча пайдаланууну жана эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу адистештирилген уюмдардын менчигине негизги каражаттарды, гидроэлектр станцияларын, жылуулук электр станцияларын, гидротехникалык курулмаларды, суу алуучу курулмаларды, тоо кен-шахта жабдууларын, жарандык коргонуу объекттерин, анын ичинде жер участокторун пайдалануу укугун;

б) аталган объекттерди багыты боюнча пайдаланууну жана эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдардын менчигине социалдык-маданий, дене тарбия-ден соолукту чыңдоо, турак жай-коммуналдык-тиричилик багытындагы объекттерди, жолдорду, анын ичинде жер участокторун пайдалануу укугун;

2) курулуштун башкы подрядчысы жана/же заказчысы же турак жай менчик ээлери тарабынан кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде өткөрүп берилүүчү объекттерди багыты боюнча пайдаланууну жана эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу адистештирилген уюмдун анын менчигинин түрүнө карабастан менчигине инженердик тармактарды, подстанцияларды жана от казандарды, анын ичинде жер участокторун пайдалануу укугун, ошондой эле курулуш объекттеринин турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу электр, газ, суу, жылуулук менен камсыз кылууну жана ысык суу менен камсыз кылууну эсепке алуу приборлорун;

2. Адистештирилген уюмдардын тизмеги жана ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн объекттерди акысыз негизде кабыл алуу-өткөрүп берүү тартиби Министрлер Кабинети та-рабынан бекитилет.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [287-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-287)  
Кийинки берене: [289-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-289)
