# 287-берене. Коммерциялык эмес уюмдар жүзөгө ашыруучу берүүлөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 02.02.2024 [Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001081); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=13809..27071>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-287>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-287.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 287-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-287

---

1. Коммерциялык эмес уюмдар жүзөгө ашыруучу берүүлөрү КНС бошотулган берүүлөр болуп саналат, эгерде бул берүүлөр:

1) эмгекке жарамсыз жарандардын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, балдар үйлөрүнүн жана карылар үйлөрүнүн дарегине, социалдык жактан камсыз кылуу жана коргоо үчүн болсо;

2) билим берүү, экология, саламаттык сактоо, илим, маданият жана спорт чөйрөсү үчүн болсо.

3) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана/же алардын уюмдары үчүн болсо.

4) юридикалык жактардын бирикмелеринин, иш берүүчүлөрдүн бирикмелеринин, коомдук бирикмелердин өз мүчөлөрүнүн жана/же катышуучуларынын дарегине консультациялык-укуктук кызмат көрсөтүүлөрү болсо;

5) көп батирлүү үйдүн жашоочуларынын жалпы үлүштүк менчиги болуп саналган мүлктү турак жай менчик ээлеринин шериктиктери тарабынан ижарага берүү боюнча болсо.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн берүүлөрдү кошпогондо, коммерциялык эмес уюм тарабынан жүзөгө ашырылуучу берүүлөргө ушул бөлүмгө ылайык КНС салынат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [285-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-285)  
Кийинки берене: [288-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-288)
