# 283-берене. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кылмыш-жаза аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелери жана ишканалары тарабынан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-283>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-283.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 283-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-283

---

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кылмыш-жаза аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелери жана ишканалары тарабынан жүзөгө ашырылуучу өздүк өндүрүшүнүн товарларын, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү КНС бошотулган берүү болуп саналат.

2. Кылмыш-жаза аткаруу тутумунун түзөтүү мекемесинин аймагында өз ишин жүзөгө ашыруучу субъекттердин товарларды берүүсү ишке орноштурулуп, жазаларын түзөтүү мекемелеринде өтөп жаткандардын саны ошол ишканаларда иштегендердин жалпы санынын 60 пайызынан кем болбогон шартта КНС бошотулган берүү болуп саналат.

---

Мурунку берене: [282-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-282)  
Кийинки берене: [284-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-284)
