# 272-берене. Финансылык кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу товарды берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-272>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-272.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 272-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-272

---

КНС бошотулган берүү болуп төмөнкүлөр саналат:

1) банк тарабынан товарды берүү;

а) исламдык каржылоого ылайык иджара мунтахийя биттамлик келишими боюнча финансылык ижара шарттарында негизги каражаттар катары берүү үчүн;

б) исламдык каржылоого ылайык мурабаха келишими боюнча;

2) берүүчү тарабынан товар берүү, эгерде берүү каржылык ижара келишимине, исламдык каржылоого ылайык иджара мунтахийя биттамлик келишимине же мурабаха келишимине ылайык төмөнкүлөргө карата жүзөгө ашырылса:

а) финансылык ижара шартында негизги каражат катары пайдалануу үчүн арналса;

б) эгерде кардар КНС салыгын төлөөчү болуп саналса, исламдык каржылоого ылайык мурабаха келишими боюнча.

---

Мурунку берене: [271-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-271)  
Кийинки берене: [273-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-273)
