# 270-берене. Финансылык кызмат көрсөтүүлөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=1286441..1286442>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-270>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-270.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 270-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-270

---

1. Финансылык кызмат көрсөтүүлөр КНС бошотулган берүү болуп саналат.

2. Банктын зайымчыларынын карызын жоюу эсебине, анын ичинде исламдык каржылоосуна ылайык келишим боюнча алынган мүлктү, жер участогун кошкондо, банктар тарабынан берүүсү насыя боюнча же исламдык каржылоосуна ылайык келишим боюнча карыздын суммасынын чегинде КНС бошотулган болуп саналат.

3. Банктын зайымчыларынын карызын жоюу эсебине, анын ичинде исламдык каржылоосуна ылайык келишим боюнча алынган, мамлекеттик каттоо органынын документтерине ылайык турак жай фондуна киргизилген турак жай курулуштарын банктар тарабынан берүү КНС бошотулган болуп саналат.

4. Банктар тарабынан алтындан, күмүштөн, платинадан жана палладийден жасалган инвестициялык монеталарды, аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймаларды берүү КНС бошотулган берүү болуп саналат.

5. Аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймаларды, алтындан, күмүштөн, платинадан жана палладийден жасалган инвестициялык монеталарды товардык биржаларда түзүлгөн бүтүмдөр боюнча берүү КНСтен бошотулган берүү болуп саналат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [269-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-269)  
Кийинки берене: [271-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-271)
