# 268-берене. Медициналык жана ветеринариялык иш чөйрөсүндөгү товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана дары каражаттарын, медициналык багыттагы буюмдарды берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001081)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=1286442..2264>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-268>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-268.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 268-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-268

---

1. Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү тизмек боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн протездик-ортопедиялык буюмдарды, адистештирилген товарларды, анын ичинде аларды оңдоону кошуп алгандагы берүү КНС бошотулган берүү болуп саналат.

2. Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү тизмек боюнча дары каражаттарын жана вакциналарды, анын ичинде жаныбарлар үчүн вакциналарды жана дары каражаттарын, медициналык буюмдарды, ошондой эле дары каражаттарын, жаныбарлар үчүн дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүүдө пайдаланылуучу баштапкы материалдарды берүү КНСтан бошотулган берүү болуп саналат.

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-февралындагы № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [267-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-267)  
Кийинки берене: [269-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-269)
