# 265-берене. Кыймылсыз мүлктү берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-265>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-265.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 265-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-265

---

1. КНС бошотулган берүүлөр болуп төмөнкүлөрдү сатуу саналат:

1) мейманкана тибиндеги жайларды, пансионаттарды, эс алуучу жана дарылоочу жайларды ижарага берүүнү кошпогондо, мамлекеттик каттоо органынын документтерине ылайык турак жай фондуна таандык турак жай имараттарын жана жайларын же турак жайларды ижарага берүү;

2) жер участокторун, ошондой эле айыл чарба багытындагы жер участокторун ижарага берүү;

3) ишкананы бир КНС төлөөчүдөн башка КНС төлөөчүгө.

Ушул берененин максатында ишкана деп салык төлөөчүнүн же анын обочолонгон бөлүмүнүн активдеринин жана милдеттенмелеринин жыйындысы таанылат.

2. Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык кыймылсыз мүлктү алмашуу жана/же аны мамлекеттик муктаждыктар үчүн кайтарымсыз өткөрүп берүү КНСтен бошотулган берүү болуп саналат.

(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [264-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-264)  
Кийинки берене: [266-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-266)
