# 261-берене. Салык милдеттенмесинин келип чыгуу датасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 37-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 31.12.2025 [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461); 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-261>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-261.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 261-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-261

---

1. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, салык милдеттенмеси келип чыккан дата берүүлөрдүн датасы болуп саналат.

2. Берүүлөрдүн датасы:

1) товарлар үчүн - товарларга болгон жеке менчик укуктарды сатып алуучуга өткөрүп берүүнүн датасы;

2) аткарылган жумуштар же көрсөтүлгөн кызматтар үчүн - бардык жумуштар бүткөн же кызматтар көрсөтүлгөн дата.

21. Аткарылган курулуш-монтаждоо жумуштары үчүн салык милдеттенмесинин келип чыгуу датасы болуп жумуш бүткөн жана төлөнгөн дата саналат.

3. (КР 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Эгерде ушул берененин 21-бөлүгүндө башкача каралбаса, эсеп-фактура салык салынуучу берүүнүн датасына чейин жазылган же төлөм алынган учурда салык милдеттенмесинин келип чыккан датасы болуп эсеп-фактурада көрсөтүлгөн берүүнүн датасы же бул окуялардын кайсынысы мурда болгонуна жараша төлөм алынган дата саналат.

5. Чет өлкөлүк товарларды импорттоодо КНС боюнча салык милдеттенмеси келип чыккан дата ЕАЭБ бажы мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аныкталат.

6. Эгерде ушул бөлүктө башкача каралбаса, ЕАЭБ мүчө-мамлекеттерден товарларды импорттоодо салык милдеттенмесинин келип чыгуу датасы болуп төмөнкү даталардын ичинен акыркысы саналат:

1) товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоо датасы;

2) салык төлөөчүнүн бухгалтердик эсебинде товарларды чагылдыруу үчүн бухгалтердик эсепке алуу эрежелери менен аныкталган дата.

ЕАЭБ мүчө-мамлекеттерден товарларды импорттоодо, ушул Кодекстин 259-беренесине ылайык агентте боло турган салык милдеттенмесинин датасы болуп товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүү датасы саналат.

7. Кыргыз Республикасынын аймагында кайра иштетүү үчүн иштетип алма чийки затты Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБ мүчө башка мамлекеттин аймагынан ташып кирүүдө, эгерде кайра иштетүү продуктулары 24 айдын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары ташып чыгарылбаса, салык милдеттенмесинин келип чыгуу датасы болуп иштетип алма чийки затты ташып киргизген дата саналат.

8. Кыргыз Республикасынын аймагынан ЕАЭБ мүчө башка мамлекеттин аймагына кайра иштетүү үчүн иштетип алма чийки затты ташып чыгарууда, эгерде кайра иштетүү продуктулары 24 айдын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып кирбесе, салык милдеттенмесинин пайда болуу датасы болуп иштетип алма чийки затты ташып чыгарган дата саналат.

9. Товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагынан убактылуу ташып кирүүдө, эгерде товарлар ушул Кодекстин 4-беренесинде көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ташып чыгарылбаса, салык милдеттенмеси пайда болгон дата болуп товарларды ташып кирген дата саналат.

10. Товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагына убактылуу ташып чыгууда, эгерде товарлар Кыргыз Республикасынын аймагына ушул Кодекстин 4-беренесинде көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде ташып киргизилбесе, салык милдеттенмеси пайда болгон дата болуп товарларды ташып чыгуу датасы саналат.

11. ЕАЭБге мүчө мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген товар импорттун датасынан тартып 60 айлык мезгил өткөнгө чейин бир юридикалык жактын чегинде өткөрүлүп берилгендигине байланыштуу ээликтен ажыратылган учурда мындай ээликтен ажыратуу салык салынуучу импортко теңдештирилет. Импортко КНС боюнча салык милдеттенмесинин пайда болгон датасы болуп товар ташып киргизилген дата саналат.

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [260-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-260)  
Кийинки берене: [262-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-262)
