# 260-берене. Агент тарабынан жүзөгө ашырылуучу товарлардын импорту

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 37-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-260>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-260.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 260-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-260

---

1. Принципалдын атынан агент тарабынан жүзөгө ашырылуучу товарлардын импорту принципалдын өзү тарабынан жүзөгө ашырылуучу импорт деп таанылат.

2. Агенттин өзүнүн атынан жүзөгө ашырылуучу товарлардын импорту агент тарабынан жүзөгө ашырылуучу импорт деп таанылат.

Ушул бөлүктүн максатында агент КНС төлөөчү болуп саналган шартта, импортко КНС агентте эсепке алынууга тийиш.

3. Иши Кыргыз Республикасында туруктуу мекемени уюштурууга алып келбеген агент - чет өлкөлүк уюм, ошондой эле резидент эмес-жеке жак тарабынан жүзөгө ашырылуучу товарлардын импорту, принципалдын өзү - Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан жүзөгө ашырылуучу импорт деп таанылат.

4. Агент - Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан жүзөгө ашырылуучу товарлардын импорту, эгерде импорт принципалдын - иши Кыргыз Республикасында туруктуу мекемени уюштурууга алып келбеген чет өлкөлүк уюмдун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын резиденти эмес-жеке жактын пайдасына жүзөгө ашырылса, агент тарабынан жүзөгө ашырылуучу импорт деп таанылат.

---

Мурунку берене: [259-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-259)  
Кийинки берене: [261-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-261)
