# 259-берене. Агент тарабынан жүзөгө ашырылуучу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 37-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-259>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-259.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 259-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-259

---

1. Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнүн - принципалдын атынан агент тарабынан жүзөгө ашырылуучу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү берүү принципалдын берүүлөрү болуп таанылат.

2. Төмөнкүлөрдүн тапшырмасы боюнча агент тарабынан жүзөгө ашырылуучу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү берүү:

1) эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнүн - принципалдын, агент тарабынан өзүнүн атынан жүзөгө ашырылуучулар товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү берүү агенттин берүүсү болуп таанылат.

Ушул пункттун максатында принципалдын товарды агентке өткөрүп берүүсү агент тарабынан товарды берүү датасына карата салык салынуучу берүү деп таанылат.

2) принципалдын - КНС төлөөчү болуп саналбаган чет өлкөлүк уюм же резидент эмес-жеке жак тарабынан агенттин берүүсүнө киргизилет.

---

Мурунку берене: [258-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-258)  
Кийинки берене: [260-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-260)
