# 258-берене. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 37-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 02.02.2024 [Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001081); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-258>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-258.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 258-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-258

---

1. Товарды берүү болуп төмөнкүлөр саналат:

1) товарга болгон менчик укугун башка адамга өткөрүп берүү, анын ичинде товарды жумуш берүүчү тарабынан кызматкерге Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган эмгекке акы төлөө же башка төлөмдөр түрүндө өткөрүп берүү, карыздык милдеттенме боюнча күрөө берүүчүнүн карызын жабуунун эсебине күрөөгө коюлган мүлктү өткөрүп берүү;

2) мүлктү финансылык ижарага берүү;

3) электр энергиясы, табигый жана суюлтулган газ, жылуулук, суу менен, рефрижераторлук жана кондиционердик кызмат көрсөтүүлөр менен жабдуу;

4) мурда экспорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык чыгарылган товарды кайра импорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык артка кайтаруу.

2. Жумуштарды аткарууну жана/же кызматтарды көрсөтүүнү берүү болуп, салык төлөөчү тарабынан акыга товарларды берүүдөн айырмаланган ишти, анын ичинде төмөндөгүлөрдү жүзөгө ашыруу саналат:

1) мүлктүк жалдоонун (ижаранын) келишимдери боюнча мүлктү убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берүү;

2) жумуш берүүчү тарабынан Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык жалданма кызматкерге эмгекке акы төлөө катары жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү.

3. Мындай жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө карата товарларды берүүлөр негизги болуп эсептелгенде, товарларды берүүлөргө байланыштуу коштоочу жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү берүү товарларды берүүнүн бөлүгү болуп саналат.

4. Жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү берүү товарларды берүүгө карата негизги болуп саналган учурда, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү берүү менен байланышкан коштоочу товарларды берүү жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн бөлүгү болуп эсептелет.

5. Товарларды импорттоого байланыштуу жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү берүү товарларды импорттоонун бөлүгү болуп эсептелет.

6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен жүзөгө ашырылган товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү берүү ушул бөлүккө ылайык салык салынган же бошотулган берүүлөр болуп таанылат.

7. Уюм жоюлганда же жеке ишкердин иши токтотулганда, жоюу же реструктуризациялоо жолу менен банкрот болгондо, салык режимине ылайык салыктарды төлөө мезгилинин ичинде сатып алынган товардык-материалдык запастардын, негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин калдыктары алардын эсептик наркы боюнча сатылды деп таанылат.

Салык төлөөчү жалпы салык режиминен атайын салык режимине өткөндө төмөнкүлөр алардын эсептик наркы боюнча мындай өтүү датасына карата сатылды деп таанылат:

1) эгерде ушул бөлүктө башкача белгиленбесе, жалпы салык режимин колдонуу мезгилинде сатып алынган/түзүлгөн, алар боюнча мурда чегерүүгө КНС кабыл алынган товардык-материалдык запастардын калдыктары;

2) жалпы салык режимин колдонуу мезгилинде сатып алынган/түзүлгөн, алар боюнча мурда чегерүүгө КНС кабыл алынган негизги каражаттар жана/же материалдык эмес активдер;

3) жалпы салык режимин колдонуу мезгилинде сатылып алынган/түзүлгөн, алар боюнча чегерүүгө КНС мурда кабыл алынбаган сатып алынган материалдык ресурстардын наркын кемитүү менен доонун эскирүү мөөнөтүнүн чегинде чегерүүгө КНС мурда кабыл алынган, бүткөн жана/же бүтпөгөн курулуш объекттери.

КНС төлөөчү жалпы салык режиминен атайын салык режимине өткөндө ушул бөлүктүн же ушул Кодекстин 309-беренесинде каралган ченемдерин колдонууну тандап алууга укуктуу.

8. Товарды өткөрүп берүү төмөнкү учурларда берүү болуп эсептелбейт:

а) жөнөкөй шериктик келишими же исламдык каржылоосуна ылайык уюм түзбөстөн шарик келишими боюнча;

б) ишенимдүү башкаруу келишими боюнча;

в) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

г) эгерде товарга болгон менчик укугу башка субъектке берилбесе;

д) уюмду өзгөртүп кайра түзүүдө.

9. Товарды жоготуу төмөнкү учурларда берүү болуп саналбайт:

а) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген табигый жоготуулардын ченемдеринин чегинде;

б) салык төлөөчүнүн салык саясатында белгиленген товарларды өндүрүү процессинде чийки заттарды жана материалдарды жоготуунун технологиялык ченемдеринин чегинде;

в) ал жеткис күчтүн жагдайларынын натыйжасында.

10. Салык төлөөчүнүн салык саясатында белгиленген товарларды өндүрүү процессинде чийки заттардын жана материалдардын калдыктарынын технологиялык ченемдеринин чегинде калдыктарды пайдалануу же утилдештирүү берүү болуп саналбайт.

11. Ал жеткис күчтүн жагдайларынын натыйжасында жоголгон товардын наркы Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте Соода-өнөр жай палатасынын жана/же тийиштүү органдардын өкүлдөрүнөн турган көз карандысыз эксперттик комиссиянын корутундусу менен документ түрүндө ырасталууга тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [257-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-257)  
Кийинки берене: [259-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-259)
