# 256-берене. КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 36-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-256>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-256.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 256-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-256

---

1. Жалпы салык режиминин негизинде салыктарды төлөгөн жана атайын салык режимине өтүү жөнүндө чечим кабыл алган субъекттин КНС боюнча каттоосун жокко чыгаруу анын атайын салык режимине өтүү жөнүндө арызынын негизинде жүзөгө ашырылат.

2. КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу төмөнкү айлардын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет:

1) субъект бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумуна өткөн айдын;

2) субъект башка атайын салык режимине өтүү жөнүндө арызын берген айдан кийинки айдын.

3. (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы N 243 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. КНС боюнча каттоо салык салынуучу субъектте банкроттук процесс козголгон учурда жокко чыгарылат. Каттоону жокко чыгаруу банкроттук процесс башталган күндөн кийинки 10 жумушчу күндүн ичинде арыз берүүгө милдеттүү болгон атайын администратордун арызы боюнча жүзөгө ашырылат.

5. Ушул Кодекстин 324-беренесинде белгиленген режимди пайдаланган салык төлөөчү ушул режимди колдонгон күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде каттоону жокко чыгаруу максатында салык органына кайрылууга милдеттүү.

КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу арыз берилген күндөн кийинки беш жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

6. Жалпы салык режиминен атайын салык режимине өтүү жөнүндө арыз берүүдө КНС төлөөчү же атайын администратор КНС боюнча салык отчетун берүүгө милдеттүү.

7. КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу салык төлөөчүнү КНС боюнча салык милдеттенмелерин аткаруудан, ошондой эле ушул Кодекске ылайык эсептелген жана/же эсептелүүгө тийиш болгон пайыздарды, туумдарды жана салык санкцияларын төлөөдөн бошотпойт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 )

---

Мурунку берене: [255-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-255)  
Кийинки берене: [257-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-257)
