# 255-берене. КНС боюнча каттоо талаптары жана тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 36-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=1286441..1286442>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-255>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-255.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 255-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-255

---

1. Ишкердик ишти жүзөгө ашырган жана жалпы салыктык режимге ылайык салыктарын төлөгөн субъект КНС боюнча катталууга тийиш:

1) анын салыктык каттоо датасына - кайрадан катталган салык төлөөчүлөр үчүн;

2) ушул Кодекске ылайык жалпы салыктык режимге өтүү датасына - атайын салык режиминен өтүүдө;

3) салык төлөөчү ишкердик ишин жүзөгө ашыра баштаган ай-дан кийинки айдын биринен тартып - мурда аны жүзөгө ашырбаган салык төлөөчү үчүн.

2. КНС боюнча каттоо субъект каттоо жөнүндө арыз берген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет.

3. Эгерде ушул берененин талаптарына ылайык катталууга милдеттүү болгон субъект каттоо жөнүндө арыз бербесе же ал өз учурунда берилбесе, ал КНС төлөөчү катары катталууга милдеттүү болгон айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып КНС боюнча катталган субъект деп таанылат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [254-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-254)  
Кийинки берене: [256-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-256)
