# 253-берене. КНС төлөөчү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 35-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 23.07.2024 [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-253>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-253.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 253-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-253

---

1. КНС төлөөчү болуп төмөнкүлөр таанылат:

1) эгерде бул беренеде башкасы каралбаса, жалпы салык режимине ылайык салыктарды төлөөчү же иши салык салынууга тийиш болгон салык төлөөчү;

2) салык салынуучу импортту жүзөгө ашырган субъект;

3) берүү орду Кыргыз Республикасынын аймагы деп таанылган, жумуш аткаруучу же кызмат көрсөтүүчү, ошондой эле сатып алуучуларга (жеке жактарга - Кыргыз Республикасынын резиденттерине) товарларды электрондук сатууну жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк субъект. Ушул Кодекстин 53-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктунда көрсөтүлгөн чет өлкөлүк субъекттин КНС боюнча милдеттенмесин салык агенти аткарат.

2. Төмөнкүлөр КНС төлөөчү болуп саналбайт:

1) ушул Кодекстин талаптарына ылайык айыл чарба өндүрүүчүсү, айыл чарба кооперативи жана машина-трактордук станция деп таанылуучу уюм же жеке адам;

2) ушул Кодекске ылайык салык салынуучу берүүлөрдү жүзөгө ашырбоочу коммерциялык эмес уюм.

(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [252-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-252)  
Кийинки берене: [254-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-254)
