# 251-берене. Ушул бөлүмдө пайдаланылуучу түшүнүктөр жана терминдер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 35-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-251>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-251.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 251-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-251

---

Ушул бөлүмдө төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:

1) салык салынуучу импорт - ушул Кодекске ылайык КНС бошотулган импортту кошпогондо, товардын импорту.

ЕАЭБ мүчө-мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товар ташып кирүү алардын төмөнкүлөргө өткөрүп берилишине байланыштуу салык салынуучу импорт болуп саналбайт:

а) ЕАЭБ мүчө-мамлекеттин салык төлөөчүсүнөн Кыргыз Республикасындагы филиалына же өкүлчүлүгүнө;

б) ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеги филиалдан же өкүлчүлүктөн филиалы же өкүлчүлүгү болуп саналган Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнө;

Товарларды бир юридикалык жактын чегинде өткөрүп берүүгө байланыштуу ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына алып өтүү, эгерде мындай товарларды ташып кирүү түздөн-түз жеке өндүрүштүк максаттар үчүн жүзөгө ашырылса, салык салынуучу импорт болуп саналбайт.

2) товарларды берүү - товарларды сатуу, товарларга менчик укугун кайтарымсыз берүү;

3) кызмат көрсөтүүлөрдү берүү - акысына жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү;

4) салык салынуучу берүү - бошотулган берүүлөрдү кошпогондо, орду Кыргыз Республикасынын аймагында турган берүү.

Эгер иштетип алма чийки затты ташып чыгуу күнүнөн 24 айдан ашык убакыт өтсө жана кайра иштетүү продуктулары Кыргыз Республикасына ташып киргизилбесе, Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жерде иштетүү үчүн берилген иштетип алма чийки затты ЕАЭБ башка мүчө-мамлекетинин аймагына Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу салык салынуучу берүүлөргө теңделет.

5) бошотулган берүү - орду Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жайгашкан берүү, ошондой эле ушул Кодекстин 264-беренесинде көрсөтүлгөн берүүлөр.

(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [Статья 250](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-250)  
Кийинки берене: [252-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-252)
