# 249-берене. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышпаган чет өлкөлүк уюмдун Кыргыз Республикасындагы булактардан алган кирешелерине салыктын ставкалары жана салыктык база

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 34-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.12.2025 [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461); 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=44293..45757>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-249>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-249.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 249-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-249

---

1. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышпаган чет өлкөлүк уюмдун Кыргыз Республикасындагы булактан алынган кирешесине салык боюнча салыктык база ушул салыкты эске алуу менен чыгарып салуулар жүргүзүлбөгөн киреше болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышпаган чет өлкөлүк уюмдун Кыргыз Республикасындагы булактардан алган кирешесине салык агентинде төмөнкүдөй ставкалар боюнча салык салынууга тийиш:

1) листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориясы боюнча Кыргыз Республикасынын фондулук биржасынын листингинде же Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тизмеге киргизилген чет өлкөлүк биржанын листингинде болгон баалуу кагаздардан алынган дивиденддер жана эл аралык облигациялар боюнча пайыздык кирешелерден тышкары дивиденддер жана пайыздык кирешелер, ислам каржылоосуна ылайык түзүлгөн келишимдер боюнча төлөнүүчү кирешелер - 10 пайыз;

Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 12-февралындагы N 37 Мыйзамы менен берилген берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна киргизилген өзгөртүүлөр, "Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

2) төмөнкүлөр боюнча төлөнгөн камсыздандыруу сый акылары:

а) милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча төлөмдөрдү кошпогондо, камсыздандыруу же тобокелдиктерди кайра камсыздандыруу келишимдери боюнча - 5 пайыз;

б) милдеттүү камсыздандыруу же тобокелдиктерди милдеттүү камсыздандыруу боюнча кайра камсыздандыруу келишимдери боюнча - 10 пайыз;

3) автордук гонорарлар, роялти - 10 пайыз;

4) Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк уюм тарабынан аткарылган жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр - 10 пайыз;

5) Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттердин ортосундагы эл аралык байланышта жана ташууларда телекоммуникациялык же транспорттук кызмат көрсөтүүлөр - 5 пайыз.

Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттердин ортосундагы ташуулар деп Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары же аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда гана ташуу жүзөгө ашырылган учурларды кошпогондо, деңиз, суу же аба кемеси, автотранспорт каражаты же темир жол транспорту аркылуу ар кандай ташуулар түшүнүлөт.

6) чет өлкөлүк уюм капиталга катышуу үлүшүнө же ата мекендик уюмда катышуунун башка үлүшүнө 5 жылдан көп ээлик кылган учурларды кошпогондо, капиталдагы үлүштү же ата мекендик уюмдагы катышуунун башка үлүшүн сатуудан - 10 пайыз.

Ушул Кодекстин 3-беренесинин 2-бөлүгүнө, 183-беренесинин 4-бөлүгүнө, 240-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык салыктык жеңилдиктер берилген субъекттерге, ошондой эле Министрлер Кабинети менен салыктык жеңилдиктерди берүүнү караган инвестициялык макулдашуу түзгөн субъекттерге карата ушул бөлүктө каралган алып салуу берилген салыктык жеңилдиктерди пайдалануу аяктаган күндөн кийинки күндөн башталган мезгилге жайылтылат.

21. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышпаган чет өлкөлүк уюмдун ушул Кодекстин 423-беренесинин 61-бөлүгүнө ылайык салык салынуучу дивиденддерине төлөм булагынан салык салынбайт.

3. (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы N 243 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [248-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-248)  
Кийинки берене: [2491-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-2491)
