# 248-берене. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышпаган чет өлкөлүк уюмдун Кыргыз Республикасындагы булактардан алган кирешелерине салык салуунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 34-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-248>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-248.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 248-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-248

---

1. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышпаган чет өлкөлүк уюмдун Кыргыз Республикасындагы булактардан алган кирешелери Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлүк уюм резиденти болуп саналган мамлекеттин ортосундагы кош салыктан качуу жөнүндө макулдашууга ылайык салык салынууга тийиш.

2. Эгерде Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасындагы булактардан киреше алган чет өлкөлүк уюм резиденти болуп саналган мамлекеттин ортосунда кош салыктан качуу жөнүндө макулдашуу жок болсо, чет өлкөлүк уюмга төлөп берүүдө аталган кирешеден ушул Кодекстин 249-беренесинде белгиленген ставка боюнча ушул берененин 3-6-бөлүктөрүнө ылайык салык алынат.

3. Эгерде ушул беренеде жана ушул Кодекстин 249-беренесинде башкасы каралбаса, ушул Кодекстин 249-беренесинде каралган ставкалар боюнча киреше булагына салык салууга Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышпаган, ушул Кодекстин 192-беренесинин талаптарына ылайык Кыргыз Республикасындагы булактардан алынган деп таанылган кирешелер тиешелүү болот.

4. Ушул беренеде көрсөтүлгөн кирешени төлөп берүү деп төмөнкүлөр таанылат:

1) накталай жана/же накталай эмес формада акча төлөө, баалуу кагаздарды, товарларды, катышуу үлүшүн, анын ичинде чет өлкөлүк субъекттин капиталга катышуу үлүшүн же ата мекендик уюмдагы башка катышуу үлүшүн берүү. Ушул главанын максатында бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен уюмдун уставдык капиталын көбөйтүүдө баалуу кагаздардын санын жана наркын көбөйтүү же уюмдун катышуучусунун үлүшүнүн наркын көбөйтүү кирешени төлөө болуп саналбайт;

2) Кыргыз Республикасынын аймагында жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү. Ушул пункттун максаттары үчүн жумуштарды аткаруу же кызматтарды көрсөтүү эгерде, аларды аткаруу же көрсөтүү каалаган 12 айлык мөөнөттүн ичинде 183 күнгө чейинки мезгилде ушул Кодекстин 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-10-пункттарында көрсөтүлгөн критерийлердин болушу менен коштолсо, Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылган деп таанылат;

3) Кыргыз Республикасындагы булактардан киреше төлөө боюнча чет өлкөлүк уюмдун алдындагы карызды жабуу эсебине жүргүзүлгөн карызды эсептен чыгаруу же кириштөө.

5. Киреше булагына салык салуу төлөм Кыргыз Республикасынын аймагында же аймагынан тышкары жүргүзүлгөнүнө карабастан колдонулат.

6. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышпаган чет өлкөлүк уюмдун Кыргыз Республикасындагы булактардан алган кирешелеринен салыктын суммасын бюджетке эсептөө, кармоо жана чегерүү ушул Кодекстин 249-беренесинде белгиленген ставкалар боюнча киреше төлөгөн салык агенти тарабынан ишке ашырылат, мында салык агентине төлөп жаткан киреше Кыргыз Республикасында киреше алган туруктуу мекемеге таандык экени тууралуу киреше алуучу тарабынан кабар берилген жана киреше алуучу салык агентине анын Кыргыз Республикасында салыктык катталганы жөнүндө салык органынан маалымкатты жана каттоо картасынын көчүрмөсүн берген учур кошулбайт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 )

---

Мурунку берене: [247-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-247)  
Кийинки берене: [249-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-249)
