# 246-берене. Ата мекендик уюмдардын Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары алган кирешелерине салык салуунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 34-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-246>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-246.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 246-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-246

---

1. Эгерде мындай кирешенин суммасы Макулдашуунун ченемдерине ылайык чет мамлекетте салык салынууга жатса, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттин ортосунда кош салык салууну четтетүү жөнүндө макулдашуу бар болсо, ата мекендик уюмдар тарабынан чет мамлекеттерде төлөнгөн салыктын суммасы кириштелет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган кириштөө суммасынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан ставка боюнча төлөнгөн салыктын суммасынан ашпоого тийиш.

3. Чет мамлекетте төлөнгөн пайда салыгынын суммасын кириштөө тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [2451-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-2451)  
Кийинки берене: [247-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-247)
