# 245-берене. Тоо-кен казып алуучу жана/же тоо-кен кайраканаларга салык салуунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-245>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-245.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 245-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-245

---

1. Алтын, күмүш, жез, сурьма, сымап, вольфрам, калай камтыган кендерди, концентраттарды, ошондой эле алтын эритмесин жана аффинаждалган алтынды, күмүштүн, жездин, сурьманын, сымаптын, вольфрамдын жана калайдын даяр продукциясын казып алуу жана сатуу боюнча иштерге киреше салыгы салынууга тийиш.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөрдү кошпогондо, кенде же концентратта башка пайдалуу кендердин өнөр жайлык камтылышы болгондо, аларды казып алуу жана сатуу боюнча иштерге ушул Кодекстин 28-32-главаларына ылайык пайда салыгы салынууга тийиш.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөндөрдөн тышкары, башка иш жүргүзгөн салык төлөөчү ушул Кодексте белгиленген тартипте иштин ушул түрү боюнча өзүнчө эсеп жүргүзүүгө, отчеттуулукту берүүгө жана салыктарды төлөөгө милдеттүү.

4. Алтын, күмүш, жез, сурьма, сымап, вольфрам жана калай камтыган кендерди, концентраттарды, ошондой эле алтын эритмесин жана аффинаждалган алтынды, күмүштүн, жездин, сурьманын, сымаптын, вольфрамдын жана калайдын даяр продукциясын казып алуу жана сатуу боюнча иштер киреше салыгын салуу объекти болуп саналат.

5. Киреше салыгынын салык базасы болуп төмөнкүлөр саналат:

1) КНСти жана алтын эритмесин жана/же аффинаждалган алтынды, ошондой эле күмүштүн, жездин, сурьманын, сымаптын, вольфрамдын жана калайдын даяр продукциясын сатуудан алынган сатуудан алынуучу салыкты эсепке албаганда түшкөн акча;

2) Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте дүйнөлүк бааларга карата эсептелген алтындын күмүштүн, жездин, сурьманын, сымаптын, вольфрамдын жана калайдын кендеги жана концентраттагы наркы.

6. Кирешелерге салыктын ставкасы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:

1) алтын камтылган кенге жана алтын камтылган концентратка:

| Бир троялык унция үчүн алтындын баасы АКШ долларында | 3001ге чейин | 3001ден 3501ге чейин | 3501ден 4001ге чейин | 4001ден 4501ге чейин | 4501ден 5001ге чейин | 5001ден 5501ге чейин | 5501ден 6001ге чейин | 6001ден 6501ге чейин | 6501ден 7001ге чейин | 7001ден жана андан жогору |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| Киреше салыгынын ставкасы, % менен | 30 | 31 | 32 | 33 | 34 | 35 | 36 | 37 | 38 | 39 |

2) алтын эритмесине жана аффинаждалган алтынга:

| Бир троялык унция үчүн алтындын баасы АКШ долларында | 3001ге чейин | 3001ден 3501ге чейин | 3501ден 4001ге чейин | 4001ден 4501ге чейин | 4501ден 5001ге чейин | 5001ден 5501ге чейин | 5501ден 6001ге чейин | 6001ден 6501ге чейин | 6501ден 7001ге чейин | 7001ден жана андан жогору |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| Киреше салыгынын ставкасы, % менен | 20 | 21 | 22 | 23 | 24 | 25 | 26 | 27 | 28 | 29 |

3) күмүш камтылган кенге жана концентратка:

| Бир троялык унция үчүн күмүштүн баасы АКШ долларында | 50гө чейин | 50дөн 55ке чейин | 55тен 60ка чейин | 60тан 65ке чейин | 65тен 70ке чейин | 70тен 75ке чейин | 75тен 80ге чейин | 80ден 85ке чейин | 85тен 90го чейин | 90дон 95ке чейин | 95тен жана андан жогору |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| Киреше салыгынын ставкасы, % менен | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 | 22 | 23 | 24 | 25 | 26 |

4) күмүштүн даяр продукциясына:

| Бир троялык унция үчүн күмүштүн баасы АКШ долларында | 50гө чейин | 50дөн 55ке чейин | 55тен 60ка чейин | 60тан 65ке чейин | 65тен 70ке чейин | 70тен 75ке чейин | 75тен 80ге чейин | 80ден 85ке чейин | 85тен 90го чейин | 90дон 95ке чейин | 95тен жана андан жогору |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| Киреше салыгынын ставкасы, % менен | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 |

5) жез камтылган кенге жана концентратка:

| Бир тонна үчүн жездин баасы АКШ долларында | 7001ге чейин | 70011ден 80011ге чейин | 80011ден 90011ге чейин | 9001ден 10001ге чейин | 10001ден 11001ге чейин | 11001ден 12001ге чейин | 12001ден 13001ге чейин | 13001ден 14001ге чейин | 14001ден 15001ге чейин | 15001ден 16001ге чейин | 16001ден 17001ге чейин | 17001ден 18001ге чейин | 18001ден 19001ге чейин | 19001 ден жана андан жогору |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| Киреше салыгынын ставкасы, % менен | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 |

6) жездин даяр продукциясына:

| Бир тонна үчүн жездин баасы АКШ долларында | 7001ге чейин | 7001ден 8001ге чейин | 8001ден 9001ге чейин | 9001ден 10001ге чейин | 10001ден 11001ге чейин | 11001ден 12001ге чейин | 12001ден 13001ге чейин | 13001ден 14001ге чейин | 14001ден 15001ге чейин | 15001ден 16001ге чейин | 16001ден 17001ге чейин | 17001ден 18001ге чейин | 18001ден 19001ге чейин | 19001ден жана андан жогору |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| Киреше салыгынын ставкасы, % менен | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 |

7) сурьма камтылган кенге жана концентратка:

| Бир тонна үчүн сурьманын баасы АКШ долларында | 7001ге чейин | 7001ден 8001ге чейин | 8001ден 9001ге чейин | 9001ден 10001ге чейин | 10001ден 11001ге чейин | 11001ден 12001ге чейин | 12001ден 13001ге чейин | 13001ден 14001ге чейин | 14001ден 15001ге чейин | 15001ден 16001ге чейин | 16001ден 17001ге чейин | 17001ден 18001ге чейин | 18001ден 19001ге чейин | 19001ден жана андан жогору |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| Киреше салыгынын ставкасы, % менен | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 |

8) сурьманын даяр продукциясына:

| Бир тонна үчүн сурьманын баасы АКШ долларында | 7001ге чейин | 7001ден 8001ге чейин | 8001ден 9001ге чейин | 9001ден 10001ге чейин | 10001ден 11001ге чейин | 11001ден 12001ге чейин | 12001ден 13001ге чейин | 13001ден 14001ге чейин | 14001ден 15001ге чейин | 15001ден 16001ге чейин | 16001ден 17001ге чейин | 17001ден 18001ге чейин | 18001ден 19001ге чейин | 19001ден жана андан жогору |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| Киреше салыгынын ставкасы, % менен | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 |

9) сымап камтылган кенге жана концентратка, ошондой эле даяр продукцияга:

| Бир килограмм үчүн сымаптын баасы АКШ долларында | 11ге чейин | 11ден 15ке чейин | 15тен 21ге чейин | 21ден 25ке чейин | 25тен 31ге чейин | 31ден 35ке чейин | 35тен 41ге чейин | 41ден 45ке чейин | 45тен 51ге чейин | 51ден 55ке чейин | 55тен 61ге чейин | 61ден 65ке чейин | 65тен 71ге чейин | 71ден жана андан жогору |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| Киреше салыгынын ставкасы, % менен | 1 | 1,5 | 2 | 2,5 | 3 | 3,5 | 4 | 4,5 | 5 | 5,5 | 6 | 6,5 | 7 | 8 |

10) калай камтылган кенге жана концентратка, ошондой эле даяр продукцияга:

| Бир тонна үчүн калайдын баасы АКШ долларында | 10001ге чейин | 10001 ден 14001ге чейин | 14001ден 18001ге чейин | 18001ден 22001ге чейин | 22001ден 26001ге чейин | 26001ден 30001ге чейин | 30001ден 34001ге чейин | 34001ден 38001ге чейин | 38001ден 42001ге чейин | 42001ден 46001ге чейин | 46001ден 50001ге чейин | 50001ден 54001ге чейин | 54001ден 58001ге чейин | 58001ден жана андан жогору |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| Киреше салыгынын ставкасы, % менен | 1 | 3 | 5 | 7 | 9 | 11 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 |

11) вольфрам камтылган кенге жана концентратка, ошондой эле даяр продукцияга:

| Бир тонна үчүн вольфрамдын баасы АКШ долларында | 20001ге чейин | 20001ден 25001ге чейин | 25001ден 30001ге чейин | 30001ден 35001ге чейин | 35001ден 40001ге чейин | 40001ден 45001ге чейин | 45001ден 50001ге чейин | 50001ден 55001ге чейин | 55001ден 60001ге чейин | 60001ден 65001ге чейин | 65001ден 70001ге чейин | 70001ден 75001ге чейин | 75001ден 80001ге чейин | 80001ден жана андан жогору |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| Киреше салыгынын ставкасы, % менен | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 |  |

7. Киреше салыгынын салык мезгили болуп календардык ай саналат.

8. Киреше салыгын эсептөө ушул Кодекстин 43-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлөт.

9. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн салык төлөөчү эсептик катталган жери боюнча отчёттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен салык отчётун берүүгө жана киреше салыгын төлөөгө милдеттүү.Эсептик каттосу жок болгон учурда киреше салыгы учурдагы салыктык эсепке алынган жери боюнча төлөнөт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [2441-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-2441)  
Кийинки берене: [2451-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-2451)
