# 243-берене. Пайда салыгынын алдын ала суммасы боюнча салык отчетун берүү жана төлөө мөөнөтүн, ордун аныктоо тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 32-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=13809..27071>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-243>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-243.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 243-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-243

---

1. Пайдасына нөл ставкасы боюнча салык алынуучу жана пайдага салыкты төлөөдөн бошотулган салык төлөөчүнү кошпогондо, салык төлөөчүнүн учурда салыктык катталган жери боюнча экинчи кварталдан тартып квартал сайын салык отчетун берүүгө жана отчеттук мезгилден кийин келүүчү экинчи айдын 20сынан кечиктирбестен пайдага салыктын алдын ала суммасын бюджетке төгүүгө милдеттүү.

2. Учурдагы салык мезгилинин биринчи кварталы, биринчи жарым жылдыгы, биринчи 9 айлыгы пайдага салыктын алдын ала суммасы боюнча отчеттук мезгил болуп саналат.

3. Отчеттук мезгил үчүн пайда салыгынын алдын ала суммасы бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эрежелер боюнча отчеттук мезгил үчүн эсептелген пайданын 10 пайызы өлчөмүндө аныкталат.

(Абзац КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

31. Пайда салыгынын алдын ала суммасын эсептөөдө төмөнкү кирешелер эсепке алынбайт:

1) ушул Кодекске ылайык пайда салыгы салынбаган;

2) чет мамлекеттин аймагында катталган жана иш жүргүзгөн ата мекендик уюмдун филиалынын кирешеси.

Мындай филиалдын ишинин финансылык натыйжалары жыл жыйынтыгы боюнча уюмдун ишинин натыйжаларына киргизилет.

4. Отчеттук мезгил үчүн бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон пайда салыгынын алдын ала суммасы отчеттук мезгил үчүн эсептелген пайда салыгынын алдын ала суммасынын жана мурдагы отчеттук мезгил үчүн эсептелген пайда салыгынын алдын ала суммасынын ортосундагы оң айырма катары аныкталат.

5. Салык төлөөчү экономикалык ишке байланышкан чыгашаларды жылдырган учурда, бюджетке ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык эсептелген пайда салыгынын алдын ала суммасынын жана ушул Кодекстин 232-беренесине ылайык отчеттук салык мезгилине салык алынуучу кирешеден чыгарып салуу катарында жылдырылууга тийиш болгон чыгашалардын 10 пайызы өлчөмүндө эсептелген сумманын ортосундагы оң айырма төлөнөт.

6. Пайда салыгынын алдын ала суммасы төлөнбөгөн же өз убагында төлөнбөгөн учурда салык төлөөчүгө карата салыкты төлөбөгөндүгү же өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн ушул Кодексте белгиленген туум колдонулат.

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [242-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-242)  
Кийинки берене: [244-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-244)
