# 242-берене. Пайда салыгын аныктоонун тартиби, төлөөнүн мөөнөтү жана орду

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 32-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=13809..27071>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-242>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-242.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 242-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-242

---

1. Пайда салыгын төлөөчү акыркы эсептешүүнү жүргүзөт жана ушул Кодексте белгиленген бирдиктүү салык декларациясын берүү мөөнөтүнө чейин салыкты төлөйт.

2. Салыктын акыркы суммасы салыктын эсептелген суммасынын жана төмөнкүдөй сумманын ортосундагы айырма катары аныкталат:

1) отчеттук салык мезгилиндеги пайда салыгына алдын ала кошуп эсептелген суммасынын;

2) ушул Кодекстин 246-беренесинин талаптарына ылайык салык төлөөчү тарабынан чет мамлекетте төлөнгөн салыктын суммасынын.

3. Пайда салыгы салык төлөөчүнүн учурдагы салыктык каттоого алынган жери боюнча төлөнөт.

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [241-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-241)  
Кийинки берене: [243-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-243)
