# 240-берене. Пайда салыгынын ставкасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 32-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 23.07.2024 [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-240>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-240.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 240-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-240

---

1. Эгерде ушул бөлүмдө башкача белгиленбесе, пайда салыгынын ставкасы 10 пайыз өлчөмүндө белгиленет.

2. Алтын, күмүш, жез, сурьма, сымап, вольфрам, калай камтыган кендерди, концентраттарды, ошондой эле алтын эритмесин жана аффинаждалган алтынды, күмүштүн, жездин, сурьманын, сымаптын, вольфрамдын жана калайдын даяр продукциясын казып алуу жана сатуу боюнча иштерге карата пайдага салыктын ставкасы 0 пайыз өлчөмүндө белгиленет.

3. Тоо-кен кайра иштетүүчү, тоо-кен казып алуучу ишканаларды, ошондой эле акциздик товарларды өндүрүүнү жүзөгө ашыруучу субъекттерди кошпогондо, ушул Кодекстин 183-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон иштин түрлөрүнө кирген ишканалар үчүн пайда салыгынын ставкасы 0 пайыз өлчөмүндө белгиленет.

4. Ата мекендик уюмдардын ири инвестициялардан түшкөн пайдасына карата салыктын ставкасы ушул бөлүмдө белгиленген критерийлерге шайкеш келген салык төлөөчүнүн салыктык мезгил ичинде алган пайдасына карата 0 пайыз өлчөмүндө белгиленет жана төмөнкүлөрдөн алынган кирешелерге карата колдонулбайт:

1) пайдалуу кендерди кайра иштетүүнүн натыйжасында алынган товарларды өндүрүүдөн жана сатуудан алынган пайданы, ошондой эле тоо-кен, байытуу, кокс-химиялык жана металлургиялык өндүрүштүн калдыктарын кайра иштетүүдөн түшкөн кирешени кошпогондо, пайдалуу кендерди казып алуудан;

2) соода ишин жүзөгө ашыруудан;

3) акциздик товарларды өндүрүүдөн жана сатуудан.

Салык төлөөчү ушул бөлүктө белгиленген салыктын ставкасын жаңы жабдууларды иштетүүдөн алынган биринчи пайданын салык мезгилинен кийинки салык мезгилинен тартып катары менен кийинки беш салык мезгилинин ар биринин жыйынтыгында алган пайдасына карата колдонууга укуктуу.

5. (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы N 243 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [239-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-239)  
Кийинки берене: [241-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-241)
