# 24-берене. Жеке жак

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=13809..27071>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 24-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-24

---

1. Кыргыз Республикасынын жараны, чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам жеке жак болуп саналат.

2. Катар келүүчү 12 айдан турган жана учурдагы салык мезгилинде аяктаган кандай болбосун мезгил аралыгында 183 жана андан ашуун күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында болгон, же болбосо чет өлкөдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматында жүргөн кандай болбосун жеке адам резидент-жеке жак болуп саналат.

21. Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүзүндө болгон убакытка жеке жактын Кыргыз Республикасынын аймагында түздөн-түз болгон убактысы, ошондой эле анын Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары дарыланууга, иш сапарга же окууга чыккан жана ал жакта болгон убактысы кирет.

22. Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүзүндө болгон убакытка жеке жактын Кыргыз Республикасында төмөнкүлөр катары болгон убактысы кирбейт:

1) дипломатиялык же консулдук статуска ээ адам катары, же анын үй-бүлө мүчөсү катары;

2) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мамлекеттер аралык макулдашуу боюнча түзүлгөн эл аралык уюмдун кызматкери катары же анын мындай кызматкердин үй-бүлө мүчөсү катары.

3. Ушул беренеге ылайык резидент-жеке жак деп таанылбаган жеке адам резидент эмес-жеке жак болуп саналат.

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-25)
