# 239-берене. Пайдага салык боюнча жеңилдиктер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-239>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-239.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 239-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-239

---

1. Төмөнкүлөрдүн пайдасы салык салуудан бошотулат:

1) кайрымдуулук уюмдары;

2) кызматкерлердин жалпы санынын 50 пайыздан кем эмесин майыптар (жалпы оорунун 3-тобундагы майыптыгы бар адамдардан тышкары) түзгөн жана алардын эмгек акысы эмгек акынын жалпы фондунун 50 пайызынан кем эмесин түзгөн майыптар коому, уюмдар жана жеке ишкерлер. Бул коом, уюм жана жеке ишкерлердин тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;

3) айыл чарба өндүрүүчүлөрү;

4) айыл чарба кооперативдери;

5) кредиттик бирликтер - 2027-жылдын 1-январына чейин;

6) Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза аткаруу тутумунун мекемелери;

7) мектепке чейинки билим берүү уюмдары (жеке менчик формасында түзүлгөн бала бакчалар);

8) жеке менчик формасында түзүлгөн жалпы билим берүү уюмдары - 2030-жылдын 1-январына чейин;

9) машина-трактордук станция;

10) энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун натыйжасында алынган электр жана жылуулук энергиясынын, газдын жана газ абалындагы кайра жаралуучу отундун, суюк биологиялык отундун кайрадан түзүлгөн өндүрүүчүлөрүнө - энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолорду эксплуатациялоого киргизген учурдан тартып 5 жылдын ичинде, мында эксплуатациялоого киргизүү 2030-жылдын 1-январынан кечиктирилбестен жүзөгө ашырылган шартта;

11) айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбору - 2030-жылдын 1-январына чейин;

12) чек арага чектеш преференциялык калктуу конуштарда катталган жана иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөр.

13) футбол чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү уюмдар.

2. Пайдага салыктан төлөөдөн бошотуу салык төлөөчүнү пайдага салык боюнча маалымат берүү бөлүгүндө бирдиктүү салык декларациясын берүү милдетинен бошотпойт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [238-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-238)  
Кийинки берене: [240-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-240)
