# 236-берене. Чыгарып салынбай турган чыгымдар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 02.02.2024 [Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001081); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=34825..36891>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-236>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-236.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 236-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-236

---

1. Төмөнкүлөр чыгарып салынууга жатпайт:

1) негизги каражаттарды өндүрүүгө, сатып алууга жана орнотууга байланыштуу чыгымдар жана башка капиталдык чыгымдар;

2) бюджетке жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органынын бюджетине төлөнүүчү салыктык санкциялар, туумдар жана пайыздар;

3) Кыргыз Республикасында төлөнүүгө тийиш болгон же төлөнгөн пайда салыгы;

4) чет мамлекетте төлөнүүгө тийиш болгон же төлөнгөн пайда салыгы;

5) эгерде ушул бөлүмдө башкача белгиленбесе, резервдерге чегерүүлөр түрүндөгү чыгымдар;

6) Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү тизме боюнча социалдык чөйрөдөгү объекттерди пайдаланууда тартылган чыгымдардын ушул объекттерди пайдаланууда алынган кирешелерден ашып кетиши;

7) бул чыгымдар киреше алуу менен байланышкан көрсөтүлгөн кызматтарга акы төлөө максатында жүргүзүлгөн фактыны ырастаган учурларды кошпогондо, башка жак үчүн тартылган ар кандай чыгымдар;

8) ушул Кодекстин жоболоруна ылайык кирешесине салык салынбай турган менчиктин кандай болбосун түрүн сатып алууга, башкарууга же күтүүгө кеткен чыгымдар;

9) салык төлөөчү тарабынан өзүнүн үй-бүлө мүчөсүнө же бири-бирине көз каранды субъектиге менчикти сатууга же алмаштырууга түздөн-түз же кыйыр түрдө байланыштуу болгон ар кандай зыяндар;

10) салык төлөөчүнүн өзүнүн жакын туугандарына жана башка адамдарга карата экономикалык ишти жүзөгө ашырууга байланышпаган чыгымдар;

11) салык агенти тарабынан киреше салыгы салынгандан тышкары, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү кызматкерлерге жеңилдик берилген баалар же тарифтер же базар баасынан төмөн баа боюнча сатуу баасындагы айырмачылыктарды төлөөгө кеткен чыгымдар;

12) Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу ченемдик-укуктук актыларында белгиленген ченемден ашык табигый жоготуулардын жана чыгашалардын суммасы;

13) ушул Кодексте белгиленген учурларды кошпогондо, мүнөзү жана өлчөмү ырастоочу документтер менен аныкталышы мүмкүн болбогон чыгымдар;

14) киреше алууга байланышпаган чыгымдардын суммасы;

15) пайдага салык салынбаган же бошотулган киреше алуу менен байланышкан чыгымдар;

16) иш сапарында болгон учурда Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген чектерден ашып кеткен өлчөмдө төлөнүүчү, киреше салыгы салынган жогорулатуу суммасынан башка суткалык акылар;

17) банкеттерди, бош убакытты, оюн-зоокту же эс алууну уюштурууга кеткен чыгымдар;

18) акцияларды (үлүштөрдү, пайларды) жайгаштыруу үчүн акы төлөө катары мүлктү алууда пайда болгон салык төлөөчү-эмитенттин чыгымдары;

19) виртуалдык активдерди сатып алуунун наркынын аларды сатып өткөрүүдөн түшкөн акчадан ашып кеткен сумма.

20) ушул Кодекске ылайык салык төлөөчү электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуранын ордуна мындай эсеп-фактураны алмаштыруучу документти жол-жоболоштурган айрым учурларды кошпогондо, эгерде ушул бөлүктө башкача каралбаса, электрондук документ түрүндө эсеп-фактураны жол-жоболоштурбастан Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алынган товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы.

21) соода ишин жүргүзүүчү жана патенттин негизиндеги салык, өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык жана 0,5 пайыздык ставка боюнча бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму боюнча салык төлөөчү субъекттерден сатып алынган товарлардын наркы.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда баяндалган чыгымдардын орду амортизациялоо аркылуу толтурулат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Көңүл буруңуздар! Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-февралындагы № 31 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр 2023-жылдын 3-апрелинен тартып күчүнө кирет.

---

Мурунку берене: [235-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-235)  
Кийинки берене: [237-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-237)
