# 233-берене. Потенциалдуу жоготууларды жана зыяндарды жабууга резервдер. Депозиттерди коргоо фондуна банктардын төгүмдөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.07.2024 [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=2264..13809>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-233>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-233.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 233-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-233

---

1. Улуттук банктын жөнгө салуучу талаптарына, же болбосо Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык банк тарабынан түзүлүүчү резервдердин суммасы мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамда каралган учурларда жылдык жыйынды кирешеден чыгарып салынууга тийиш.

2. Мамлекеттик ипотекалык турак жайды кредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлүүчү потенциалдуу жоготуулардын жана зыяндардын ордун жабууга резервдердин суммасы жылдык жыйынды кирешеден чыгарып салууга жатат.

3. Банк тарабынан Депозиттерди коргоо фондуна жиберилген салымдар жылдык жыйынды кирешеден чыгарып салынууга тийиш.

(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [232-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-232)  
Кийинки берене: [234-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-234)
