# 232-берене. Экономикалык иш менен байланышкан зыяндардын мөөнөтүн жылдыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-232>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-232.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 232-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-232

---

1. Салык төлөөчүнүн чыгарып салууларынын анын кирешесинен ашып кеткен суммасы зыян деп таанылат жана ал салык төлөөчү тарабынан ушул зыян келип чыккан мезгилден кийинки салыктык мезгилдердеги салык салынуучу кирешеден чыгарып салуу катарында 5 календардык жылдан ашпаган мөөнөткө жылдырылат.

Салык төлөөчү пайдага салык төлөөдөн бошотулган салыктык мезгилде тартылган зыяндар салык салынуучу мезгилде чыгарып салуулар катары мөөнөтү жылдырылууга тийиш эмес.

2. Эгерде салык төлөөчү бирден ашык салыктык мезгилде зыян тартса, мындай зыяндарды ушул зыян тартылган мезгилден кийин келүүчү салыктык мезгилге жылдыруу ошол зыяндын тартылышынын кезектүүлүгү боюнча жүзөгө ашырылат.

3. Кайра уюштуруу себеби боюнча салык төлөөчү ишин токтоткон учурда, салык төлөөчү-укук мурастоочу ушул беренеде каралган тартипте жана шарттарда салык базасын кайра уюштуруу учуруна чейин кайра уюшулган салык төлөөчү тарабынан алынган зыяндардын суммасына азайтууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [231-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-231)  
Кийинки берене: [233-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-233)
