# 231-берене. Баалуу кагаздарды сатууда келип чыккан чыгашалар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-231>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-231.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 231-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-231

---

1. Баалуу кагаздарды сатууда келип чыккан чыгашалар:

1) карыздык баалуу кагаздардан тышкары, баалуу кагаздар боюнча - сатуу наркы менен сатып алуу наркынын ортосундагы терс айырма;

2) карыздык баалуу кагаздар боюнча:

а) ачык кызыкчылыктагы субъекттер үчүн - сатуу күнүнө карата дисконттун жана/же сый акынын амортизациясын эске алуу менен сатуу наркы менен сатып алуу наркынын ортосундагы терс айырма;

б) ачык кызыкчылыктагы субъектиден башка салык төлөөчү үчүн - сатуу жана сатып алуу наркынын ортосундагы терс айырма.

2. Баалуу кагаздарды сатууда келип чыккан чыгашалар башка баалуу кагаздарды сатуудан алынган кирешелердин эсебинен компенсацияланат.

3. Эгерде ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чыгашалар алар келип чыккан жылы компенсацияланышы мүмкүн болбосо, анда алар 5 жылга чейинки мөөнөткө кийинкиге жылдырылат жана ушул 5 жылдын ичинде баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн кирешелердин эсебинен компенсацияланууга тийиш.

---

Мурунку берене: [2301-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-2301)  
Кийинки берене: [232-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-232)
