# 23-берене. Экономикалык иш

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 23-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-23

---

1. Экономикалык иш деп ишкердик жана башка иш саналат.

2. Эгерде ушул беренеде башкасы белгиленбесе, ушул Кодекстин максаттарында субъекттин экономикалык иши, ал тутумдуу негизде жүзөгө ашырылган учурда, ишкердик деп таанылат.

3. Иштин төмөнкүдөй түрлөрү ушул Кодекстин максаттарында башка иш деп таанылат:

1) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык ишти жүзөгө ашыруу;

2) банкка акчалай каражаттарды салуу;

3) баалуу кагаздарды, жеке же юридикалык жактын капиталдагы үлүшүн же башка катышуу үлүшүн сатып алуу, өткөрүп берүү же сатуу, буга мындай иш кесиптик негизде жүргүзүлгөн учурлар кирбейт;

4) жеке же юридикалык жактын уставдык капиталдагы үлүшүнө ылайык кандай болбосун төлөмдөрдү алуу;

5) үстөк айып, айыптарды, моралдык зыяндын ордун толтурууну алуу;

6) камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу суммасын (ордун толтурууну) алуу;

7) ишкердик иш болуп саналбаган башка иш.

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-24)
