# 229-берене. Оңдоого кеткен чыгымдарды чыгарып салуулар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=1286441..1286442>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-229>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-229.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 229-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-229

---

1. Менчик укуктагы негизги каражаттарды, анын ичинде финансылык ижаранын предмети болуп эсептелген негизги каражаттарды оңдоого кеткен чыгымдарды чыгарып салуу ушул Кодекстин 226-беренесине ылайык аныкталган ар бир топко карата жүргүзүлөт.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык чыгарып салынууга тийиш болгон оңдоого кеткен чыгымдардын суммасы топтун жылдын акырына карата аныкталган салыктык наркы катары аныкталуучу, өткөн жылы эсептелген амортизациялык чегерүүлөрдүн суммасына азайтылган, топтун жыл башындагы салыктын наркынын 15 пайызы менен чектелген.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген чектөөдөн ашып кеткен сумма топтун наркына кошулган негизги каражаттардын наркы катары каралат жана отчеттук жылдын аягына топтун салыктык наркын көбөйтөт.

4. Ижарачы ижарага алынуучу негизги каражаттарга карата оңдоого кеткен иш жүзүндөгү чыгымдардын суммасы ушул беренеде аныкталган тартипте чыгарып салынууга тийиш.

5. Оңдоого кеткен чыгымдар ушул беренеге ылайык чыгарып салууга киргизилбесе, ижарачы топ түзүүгө милдеттүү жана оңдолуучу негизги каражат киргизилген негизги каражаттардын тобуна карата белгиленген амортизациянын ченеми боюнча ушул бөлүмгө ылайык аныкталган амортизациялык чегерүүлөр түрүндө тартылган чыгымдарды ижара келишиминин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде чыгарып салууга тийиш. Ижара келишимин колдонуу мөөнөтү бүткөндөн кийин ижарачы ушул бөлүккө ылайык түзүлгөн топтун салыктык калдык наркын чыгарып салууга укуктуу.

6. Эгерде жеке ишкердин чыгымдары ушул Кодекстин 225-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мүлктү оңдоого, реконструкциялоого багытталса, ал топ түзүүгө жана негизги каражаттардын тиешелүү топтору үчүн белгиленген амортизация ченеми боюнча ушул бөлүмгө ылайык аныкталуучу амортизациялык чегерүүлөр түрүндө тарткан чыгымдарды алып салууга укуктуу.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [228-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-228)  
Кийинки берене: [230-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-230)
