# 228-берене. Амортизациялык чегерүүлөрдүн суммаларын чыгарып салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-228>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-228.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 228-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-228

---

1. Ушул Кодекстин 226-беренесине ылайык аныкталган амортизациялануучу негизги каражаттарга амортизациялык чегерүүлөр чыгарып салынууга тийиш.

2. Эгерде топтун салыктык наркынын чоңдугу жылдын акырына карата 100 эсептик көрсөткүчтөн аз болсо, эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, анда ушул сумма амортизациялык чегерүү катары каралат жана топтун бардык салыктык наркы чыгарып салынууга тийиш.

3. Эгерде топтогу бардык негизги каражаттар сатылса, башка жакка өткөрүлүп берилсе же жок кылынса, анда топтун калган салыктык наркы амортизациялык чегерүү катары каралат жана салык төлөөчүнүн кирешесинен чыгарып салынууга тийиш.

---

Мурунку берене: [227-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-227)  
Кийинки берене: [229-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-229)
