# 227-берене. Амортизациялоо максатында негизги каражаттардын түшүшү жана чыгышы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=1286441..1286442>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-227>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-227.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 227-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-227

---

1. Эгерде бул Кодексте башкача каралбаса, сатып алынган жана алынган негизги каражаттар жыл ичинде топко кошулган негизги каражаттар катары каралат жана топтун салыктык наркын жогорулатат:

1) негизги каражат уставдык капиталга салым катары түшкөндө - ушул Кодекстин 224-беренесине ылайык аныкталуучу наркка;

2) негизги каражаттын объекти консервациялоо режиминен иштеп жаткан негизги каражаттарга которулганда - ушул негизги каражаттарды консервациялоодо топтон мурда чыгарылган негизги каражаттардын салыктык наркына;

3) мурда акысыз пайдаланууга өткөрүлүп берилген негизги каражат кайтарылганда - чыгуу наркы боюнча;

4) негизги каражат реконструкциялоодон же модернизациялоодон кийин келип түшкөндө - топтон чыгарылган, салык төлөөчүнүн ушул негизги каражатты реконструкциялоого же модернизациялоого байланыштуу чыгашаларына жогорулатылган негизги каражаттын наркына;

5) салык төлөөчүнүн менчигине акысыз алынган, анын наркы кирешенин курамына киргизилген учурда негизги каражат келип түшкөндө - ушул Кодекстин 224-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык аныкталган негизги каражаттын наркына;

6) негизги каражаттарды сатып алууда, курулуш бүткөндөн кийин негизги каражаттарды ишке киргизүүдө - баштапкы нарк боюнча;

7) ушул Кодекстин 229-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык оңдоого чыгымдар суммасы боюнча чектөөдөн ашкан учурда - чектөөдөн ашкан чыгымдар суммасы боюнча.

2. Чыгарылуучу негизги каражаттар топтун салыктык наркын төмөндөтөт:

1) негизги каражат сатылганда же негизги каражат финансылык ижарага берилгенде - сатуу наркына;

2) уставдык капиталга салым катары берилгенде - ушул Кодекстин 224-беренесине ылайык аныкталган нарк боюнча;

3) негизги каражаттар жоголгондо, бузулганда камсыздандыруу келишими жок болсо - нөлгө барабар нарк боюнча;

4) камсыздандыруу учуру келип чыкканда - камсыздандыруучу уюм тарабынан камсыздандыруу келишимине ылайык камсыздандыруучуга төлөнүүчү камсыздандыруу төлөмдөрүнүн суммасы боюнча;

5) акысыз берилгенде, акысыз пайдаланууга берилгенде, ошондой эле консервациялоого өткөрүлгөндө - Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык аныкталуучу баланстык наркы боюнча;

6) жоюлуучу негизги каражаттарды сатууда - сатуу наркы боюнча;

7) жоюлуучу негизги каражаттарды товардык-материалдык запастардын курамына которууда - Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык аныкталуучу товардык-материалдык запастардын наркы боюнча.

8) товардык-материалдык запастардын курамына которууга тийиш болбогон жана жок кылынууга тийиш болгон негизги каражаттарды эсептен чыгарууда - бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баланстык нарк боюнча.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [226-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-226)  
Кийинки берене: [228-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-228)
