# 225-берене. Амортизациялануучу негизги каражаттар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=34825..36891>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-225>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-225.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 225-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-225

---

1. Амортизациялануучу негизги каражат болуп менчикте, ыкчам башкарууда, чарба жүргүзүүдө турган, эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, ишке киргизилген жана алардын наркы 100 жана андан ашык эсептик көрсөткүчтү түзгөн киреше алуу үчүн пайдаланылган материалдык эмес активди кошуп алганда, салык төлөөчүнүн негизги каражаты саналат.

2. Милдеттүү мамлекеттик каттоого жаткан, ишкердик иш жүргүзүү үчүн арналбаган жана жеке ишкер болуп саналган жеке жактын менчик укугуна таандык болгон мүлк амортизацияланууга жатпайт.

Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тутумунун органынын маалыматтарына ылайык турак жай фондуна киргизилген кыймылсыз мүлк объекттери, жеңил автомобилдер, мотоциклдер, мотороллерлер, мопеддер, моточаналар жана моторлуу кайыктар, яхталар жана суу мотоциклдери, алар ишкердик иште колдонуларына же колдонулбастыгына карабастан ишкердик ишти жүргүзүү үчүн багытталган мүлк объекттери деп таанылбайт.

3. Жер жана жаратылышты пайдалануунун башка объекттери: суу, жер казынасы жана башка табигый ресурстар, ошондой эле товардык-материалдык запастар, бүтпөгөн капиталдык курулуш объекттери, баалуу кагаздар, финансылык шаймандар, орнотулбаган жабдуулар, негизги каражаттар жана өндүрүштө жана/же товарларды сатууда, жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө салык төлөөчү тарабынан пайдаланылбаган материалдык эмес активдер жана наркы учурдагы салыктык жылда толугу менен даяр продукциянын, аткарылган жумуштардын жана көрсөтүлгөн кызматтардын наркына которулуучу мүлк амортизацияланууга жатпайт.

4. Ушул бөлүмдүн максатында амортизациялануучу мүлктүн курамынан төмөндөгүлөр чыгарылат:

1) келишимдер боюнча акысыз пайдаланууга, ыкчам башкарууга, чарба жүргүзүүгө берилген;

2) консервациялоого өткөрүлгөн;

3) 12 айдан ашык убакытта реконструкциялоодо жана модернизациялоодо турган негизги каражаттар.

5. Ушул бөлүмдүн максатында амортизациялануучу мүлктүн курамына наркы кеминде 100 эсептик көрсөткүчтү түзгөн негизги каражат киргизилбейт. Мындай негизги каражаттын наркы ушул негизги каражат салык төлөөчү тарабынан сатылып алынган салыктык мезгилде эсептен чыгарып салынууга тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [224-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-224)  
Кийинки берене: [226-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-226)
