# 223-берене. Геологиялык чалгындоо иштерине резерв

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-223>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-223.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 223-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-223

---

1. Тоо-кен ишканасы тоо-кен жана геологиялык бөлүндүлөрдүн чектеринде геологиялык чалгындоо иштери үчүн резервге чегерүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу.

2. Резервдин суммасы салык төлөөчү тарабынан ушул беренеде каралган эсептен чыгарууларды эсепке албастан эсептелген өлчөмдө, отчеттук мезгил үчүн пайдага салык боюнча салыктык базанын 15 пайыздан ашпаган өлчөмүндө аныкталат.

3. Резервге чегерилген сумма эсептен чыгарылууга тийиш.

4. Салыктык мезгилдин акыркы күнүнөн тартып 5 жыл аралыгында салык төлөөчү тарабынан пайдаланылбаган, анда резервдин суммасы эсептен чыгарылды деп таанылган тоо-кен жана геологиялык бөлүндүлөрдүн чектеринде геологиялык чалгындоо иштери үчүн чегерилген резервдин суммасы киреше деп таанылат.

---

Мурунку берене: [222-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-222)  
Кийинки берене: [224-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-224)
