# 221-берене. Пайыздык чыгымдарды чыгарып салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=1286441..1286442>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-221>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-221.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 221-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-221

---

1. Эгерде ушул берене менен башкасы каралбаса, карыздын суммасы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн колдонулган учурда, төлөнгөн пайыздык чыгымдар ушул беренеде каралган чектөөлөрдү эске алуу менен чыгарылып салынууга тийиш.

2. Амортизациялануучу негизги каражаттарды сатып алууга жана түзүүгө байланыштуу же аларды пайдаланууга киргизгенге чейин алардын наркын өзгөртүүгө таасир берүүчү чыгымдар менен байланышкан төлөнгөн пайыздык чыгымдар жылдык жыйынды кирешеден чыгарып салынууга жатпастан, алардын наркын көбөйтөт.

Бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошуп эсептөө методуна ылайык банктар тарабынан чегерилген пайыздык чыгашалар эсептен чыгарылууга тийиш. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [220-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-220)  
Кийинки берене: [222-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-222)
