# 220-берене. Окутууга кеткен чыгымдарды чыгарып салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-220>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-220.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 220-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-220

---

1. Салык төлөөчүнүн кызматкерлерди окутууга кеткен чыгымдарына кадрларды даярдоого, квалификациясын жогорулатууга жана кайра даярдоого багытталган чыгымдар таандык.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чыгымдар эсептен чыгарылууга тийиш, эгерде окутуу:

1) салык төлөөчүнүн ишинин алкагында кызматкер квалификациясын жогорулатууга жана/же квалификация алууга өбөлгө болсо; жана

2) салык төлөөчү менен эмгек мамилелеринде турган толук жумушчу күн иштеген адам өтөт; жана

3) төмөнкүлөр тарабынан жүргүзүлсө:

а) билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан лицензияланган ата мекендик уюм окутса;

б) киреше булагы катары салык төлөөчүдөн салыкты кармаган учурда чет өлкөлүк уюм тарабынан күндүзгү окутуу түрүндө же аралыктан окутулса.

---

Мурунку берене: [219-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-219)  
Кийинки берене: [221-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-221)
