# 219-берене. Кызматтык иш сапарлар учурундагы жана өкүлчүлүк боюнча чыгымдардын суммасын чыгарып салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-219>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-219.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 219-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-219

---

1. Салык төлөөчүлөрдүн кызмат адамдарынын, анын ичинде башкаруунун аткаруучу органынын кызматкерлеринин, мүчөлөрүнүн жана директорлор кеңешинин же байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн кызматтык иш сапарлары менен байланышкан чыгымдары эсептен чыгарып салууга жатат.

2. Кызматтык иш сапарына байланышкан чыгарып салынууга тийиш болгон чыгымдарга төмөнкүлөр кирет:

1) иш сапарынын ордуна барууга жана кайра келүүгө, анын ичинде резервдөө үчүн чыгымдарды төлөөгө кетүүчү иш жүзүндө жүргүзүлгөн чыгымдар;

2) жашоого, анын ичинде резервдөө үчүн чыгымдарга акы төлөөгө кеткен иш жүзүндөгү жүргүзүлгөн чыгымдар;

3) Кыргыз Республикасынын чегинде жана анын чегинен тышкары жерде Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген ченемдердин чегинде иш сапарында болуу учурунда төлөнүүчү суткалык акылар.

3. Чыгарып салууга тийиш болгон өкүлчүлүктүү чыгымдарга уюмдун катышуучуларын жана анын башкаруу органдарынын мүчөлөрүн көрсөтүлгөн адамдар тарабынан уюмдун уставында каралган милдеттерди аткарууда транспорттук камсыз кылуу жана мейманканалык тейлөө боюнча чыгымдар кирет.

---

Мурунку берене: [218-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-218)  
Кийинки берене: [220-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-220)
