# 217-берене. Киреше алуу менен байланышкан чыгымдарды эсептен чыгаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=13809..27071>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-217>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-217.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 217-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-217

---

1. Эгерде бул Кодексте башкача каралбаса, чет өлкөлүк валютаны кайра баалоодон жана валюталык операциялардан түшкөн кирешеден чыгашанын суммасынын ашып кетишин, ошондой эле өнбөй турган карыздын суммасын кошкондо, салык төлөөчү ушул Кодекске ылайык киреше алуу менен байланышкан документтик түрдө гана ырасталган чыгымдарды жылдык жыйынды кирешеден чыгарып салуу (мындан ары бул бөлүмдө - чыгарып салуу) укугуна ээ.

2. Келечектеги мезгилдердин чыгымдары алар таандык болгон салыктык мезгилде эсептен чыгарып салууга жатат.

3. Эгерде бир жана ошол эле сарптоолор ушул бөлүмгө ылайык эсептен чыгарыла турган чыгымдарды белгилеген бир нече беренелерде каралса, анда мындай чыгымдар бир гана жолу чыгарып салынууга тийиш.

4. Салык төлөөчүлөрдүн айрым категориялары үчүн салык салууда эске алынуучу чыгымдарды же өзгөчө жагдайларга байланыштуу тартылган чыгымдарды аныктоонун өзгөчөлүктөрү ушул бөлүмдүн жоболору менен белгиленет.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [216-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-216)  
Кийинки берене: [218-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-218)
