# 216-берене. Узак мөөнөттүү контракттар же келишимдер боюнча кирешелер жана чыгарып салуулар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=13809..27071>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-216>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-216.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 216-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-216

---

1. Бул берененин максаттары үчүн узак мөөнөттүү контракт деп контракт же келишим боюнча каралган иш же кызмат көрсөтүү башталган салыктык мезгилдин ичинде бүтпөй калган өндүрүшкө, орнотууга же курууга же коштоочу кызматтарды көрсөтүүгө контракт, ошондой эле камсыздандыруу келишими түшүнүлөт, буга баалоолор боюнча контрактта же келишимде каралган иш башталган датадан тартып 12 айдын ичинде бүткөрүлүүгө тийиш болгон контракт же келишим кирбейт.

2. Салык төлөөчү тарабынан кирешелерди жана чыгымдарды аныктоо үчүн эсептөө методун колдонууда узак мөөнөттүү контракттарга же келишимдерге тийиштүү кирешелер жана чыгарып салуулар контракттын же келишимдин пайыздын аткарылышынын негизинде салыктык жылдын ичинде эсепке алынат.

Контрактты же келишимди аткаруу бөлүгүнүн чоңдугу салыктык жылдын аягына чейин тарткан чыгымдар менен бул контракт же келишим боюнча жыйынды чыгымдарын салыштырып текшерүү аркылуу аныкталат.

3. Салык төлөөчү тарабынан кирешелер менен чыгымдарын аныктоо үчүн эсепке алуунун жөнөкөйлөтүлгөн методу пайдаланылган учурда узак мөөнөттүү контракттарга же келишимдерге тийиштүү кирешелер жана чыгарып салуулар салыктык жылдын ичинде иш жүзүндө аткарылган жана төлөнгөн иштер, кызмат көрсөтүүлөр боюнча аныкталат.

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [215-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-215)  
Кийинки берене: [217-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-217)
