# 214-берене. Кирешени түзөтүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=13809..27071>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-214>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-214.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 214-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-214

---

1. Товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан алынган киреше төмөнкүдөй учурларда түзөтүлүүгө тийиш:

1) товарлар толук же жарым-жартылай кайтарылганда;

2) бүтүмдүн шарттары өзгөртүлгөндө.

3) бүтүмдүн шарттарын толук же жарым-жартылай аткарбаганда.

Кирешени түзөтүү товарлар кайтарылган же бүтүмдүн шарттары өзгөртүлгөн салыктык мезгилдин жылдык жыйынды кирешесинин өлчөмүн өзгөртөт.

2. Амортизациялоого тийиш болгон негизги каражаттарды сатуудан алынган киреше, ошондой эле ушул негизги каражаттардын камсыздандыруу келишимдери боюнча алынган камсыздандыруу төлөмдөрү товарларды сатуудан түшкөн кирешеге кошулбайт, ал эми ушул бөлүмгө ылайык топтун салыктык наркын аныктоодо эсепке алынат.

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [213-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-213)  
Кийинки берене: [215-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-215)
