# 213-берене. Салык салынбай турган кирешелер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 31.12.2025 [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461); 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 02.02.2024 [Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001081); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-213>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-213.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 213-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-213

---

1. Төмөнкүлөргө пайда салыгы салынбайт:

1) пайдык салым жана/же уставдык капиталга салым, жана/же субъект катышуучусу болуп саналган уюмга субъекттин салымынын башкача түрлөрү катары алынган мүлктүн наркына;

2) Министрлер Кабинетинин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен уюмдун өзүнүн өздүк өндүрүштүк базасын өнүктүрүү боюнча акысыз алынган капиталдык салымдарга негизги каражаттардын жана/же акчалай каражаттардын наркы;

3) кайтарымсыз негизде алынган:

а) Министрлер Кабинетинин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча негизги каражаттардын, гидроэлектр станциялардын, жылуулук электр станцияларынын, гидротехникалык курулмалардын, суу алуучу курулмалардын, тоо-кен-шахта жабдууларынын, жарандык коргонуу объекттеринин, анын ичинде, 50 пайыздан ашык мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарбалык коомдордун жана/же жер участокторун пайдалануу укугу көрсөтүлгөн объекттерди багыты боюнча пайдаланууну жана эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу адистештирилген уюмдардын менчигине пайдалануу укугу берилген жер участокторунун наркы;

б) жер участокторун пайдалануу укугун кошуп алганда, курулуш объекттеринин иштөөсүн камсыз кылуучу инженердик түйүндөрдүн, подстанциялардын жана от казандардын, ошондой эле курулуштун башкы подрядчысынан жана/же заказчысынан же турак жай менчик ээлеринин уюмунан кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде, көрсөтүлгөн объекттерди багыты боюнча пайдаланууну жана эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу, менчигинин түрүнө карабастан, адистештирилген уюмдун менчигиндеги электр, газ, суу, жылуулук менен жабдуу жана ысык суу менен жабдууну эсепке алуучу приборлорунун наркы.

4) (КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги N 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5) менчигинин түрүнө карабастан адистештирилген уюм тарабынан алынган, бирок инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошулбаган жаңы курулуш/кайра конструкциялоо/кайра профилдештирүү/кайра пландаштыруу объекттерин жана/ же курулган объекттерди инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактарына технологиялык кошулуусу үчүн акы төлөө;

6) коммерциялык эмес уюмдар тарабынан алынган:

а) мүчөлүк жана кирүү төгүмдөрү;

б) уставдык максаттарда пайдалануу шартында гуманитардык жардам жана гранттар, ошондой эле ыктыярдуу жардамдар;

в) уставдык максаттарда пайдалануу шартында акысыз алынган активдердин наркы;

г) көп батирлүү үйлөрдү жана аларды тейлеген имараттарды жана курулмаларды техникалык жактан күтүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөр;

д) өз мүчөлөрүнө суу пайдалануучулар ассоциациясы тарабынан көрсөтүлүүчү уставдык иштин алкагында сугат сууларын берип туруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөр;

е) диний каадаларды, ырым-жырымдарды, зыйнаттарды көрсөтүүдөн, ажылык зыяраттарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн, ошондой эле ыктыярдуу кайыр-садагалардан түшкөн кирешелери;

7) ата мекендик жана чет өлкөлүк уюмдарга катышуудан салык төлөөчү алган дивиденддер - 2031-жылдын 1-январына чейин;

8) шериктикке салым катары жөнөкөй шериктик алган мүлктүн наркы, ошондой эле уюм түзбөстөн, исламдык каржылоого ылайык кемүүчү мушарак/шарик келишими боюнча өнөктөштөрдөн алынган мүлктүн наркы;

9) ишенимдүү башкарууга ишенимдүү башкаруучу тарабынан кабыл алынган мүлктүн наркы;

10) өздүк акциялардын наркынын алардын номиналдык наркынан өсүшү түрүндө алынган киреше;

11) уюмдун катышуучусу тарабынан кошумча алынган, жалпы чогулуштун чечими боюнча уюмдун катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүлгөн акциялардын (үлүштөрдүн) наркы, же болбосо ушул уюмдун уставдык капиталынын көбөйүшүнө байланыштуу, анын ичинде уюмдун мүлкүнүн эсебинен акцияларды (үлүштөрдү) уюмдун катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүүдө алгачкы акциялардын ордуна алынган жаңы акциялардын номиналдык наркынын жана акционердин алгачкы акцияларынын номиналдык наркынын ортосундагы айырма - 2030-жылдын 1-январына чейин;

12) исламдык каржылоого ылайык шарика келишими боюнча банк тарабынан алынган пайда;

13) сатылуучу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориясы боюнча Кыргыз Республикасынын фондулук биржасынын листингинде же Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тизмеге киргизилген чет өлкөлүк биржанын листингинде болгон баалуу кагаздардын жана/же глобалдык депозитардык тил каттардын өсүшүнөн киреше жана пайыздык киреше, ошондой эле эл аралык облигациялардан киреше жана пайыздык киреше;

14) Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык мамлекеттик муктаждыктар үчүн жер участогун жана/же мүлктү сатып алууда алынуучу компенсациялык төлөмдөрдүн суммалары;

15) эгерде мындай баалуу кагаздар же баалуу кагаздардын ушул тибине карата чыгарылган глобалдык депозитардык тил каттар сатуу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориясы боюнча Кыргыз Республикасынын фондулук биржасынын листингинде же Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тизмеге киргизилген чет өлкөлүк биржанын листингинде болсо, баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн алынган киреше;

Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 12-февралындагы N 37 Мыйзамы менен берилген берененин 1-бөлүгүнүн 13, 15-пункттарына киргизилген өзгөртүүлөр, "Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

16) топтолмо пенсиялык фонддун катышуучусу болгон жарандардын пенсиялык топтоолорун (активдерин) Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик уюмдарынын депозиттерине инвестициялоодон алынган киреше - 2030-жылдын 1-январына чейин.

17) (КР 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

18) ТЭИ ТН 8703 товардык позициясында классификациялануучу жеңил автомототранспорт каражаттарын сатуудан түшкөн киреше - 2029-жылдын 1-январына чейин.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [212-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-212)  
Кийинки берене: [214-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-214)
