# 207-берене. Пайда салыгын төлөөчү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=44293..45757>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-207>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-207.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 207-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-207

---

1. Пайда салыгын төлөөчү (мындан ары ушул бөлүмдө - салык төлөөчү) болуп төмөнкүлөр саналат:

1) ата мекендик уюм;

2) Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме аркылуу иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюм;

3) Кыргыз Республикасында туруктуу мекемеси жок жана Кыргыз Республикасындагы булактардан киреше алуучу чет өлкөлүк уюм;

4) жеке ишкер;

5) Кыргыз Республикасындагы булактан киреше алуучу, анын тапшырмасы боюнча салык төлөөчү андан же башка чет өлкөлүк субъекттен акча каражаттарын башка чет өлкөлүк субъекттин дарегине же анын дарегине кайра жиберген чет өлкөлүк жеке жак.

2. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзгөн субъект пайда салыгын төлөөчү боло албайт.

(КР 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [206-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-206)  
Кийинки берене: [208-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-208)
