# 206-берене. Ушул бөлүмдө пайдаланылуучу түшүнүктөр жана терминдер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 23.07.2024 [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-206>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-206.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 206-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-206

---

Ушул бөлүмдө төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:

1) кен чыккан жерди геологиялык даярдоо - өнөр жай категориялары боюнча кен чыккан жердин запастарын эсептөөнү жана геологиялык-экономикалык баалоону кошуп алганда, издөөчү-баалоочу жана чалгындоо иштеринин комплекси;

2) тоо-кен-капиталдык иштери - кен чыккан жерди же анын бөлүгүн ачууну жана иштетүүгө даярдоону камсыз кылуучу тоо-кен-куруу иштеринин комплекси:

а) ачык иштетүүдө тоолук-капиталдык иштер өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

- ачуу (капиталдык траншеялар) жана кесилиш (кесилиш траншеялар же котловандар) иштетүүлөрдү жүргүзүү жана жабдуу;

- карьерди пайдаланууга берүү учурунда кырдалган дөбөлөргө пайдалуу кендин үстүңкү катмарын жана кен жайгашкан тоо тектерин алып салуу (капиталдык ачуу);

- сууну азайтуучу скважиналарды бургулоо жана жабдуу боюнча иштер, жер астындагы дренаждарды куруу жана башка иштетүүлөр.

Тоо-кен-капиталдык иштердин процессинде карьердин 4төн 6 айга чейинки иштеген убактысында долбоордук кубаттуулукка жетүүгө кепилдик берген пайдалуу кендердин запастарын ачуу жана иштетүү үчүн даярдоо иштери жүргүзүлөт. Кен катмары кыйла тереңдикте жайгашкан учурда тоо-кен-капиталдык иштерге карьердин долбоордук өндүрүштүк кубаттуулугунун 15 пайызынан кем эмесине жетүү үчүн аткарууга зарыл болгон иштер кирет;

б) жер астындагы иштетүүдө кен-капиталдык иштер өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

- узата казылган үңкүрлөрдү, штольняларды жана ага жанаша камераларды куруу жана жабдуу, үңкүрлөрдү тереңдетүү, үңкүрлөрдүн айланасындагы камераларды жана иштеп чыгууларды куруу жана жабдуу;

- негизги капиталдык иштеп чыгууларды (квершлагдарды, түртүп чыгаруучу жана желдетүүчү штректерди, жантаймаларды, бремсбергдерди, кен тазалагычтарды жана башкаларды) жүргүзүү жана жабдуу.

Жаңы тоо-кен казып алуучу ишкананы курууда тоо-кен казып алуу боюнча капиталдык иштердин көлөмү анын толук долбоордук өндүрүштүк кубаттуулугун же анын айрым кезегинин кубаттуулугун (тоо-кен казуучу жаңы ишкана этабы боюнча ишке берилгенде) камсыз кылуу менен алдын ала аныкталат;

3) тоо-кен-даярдоочу иштер - шахталарда жана карьерлерде пайдалуу кендерди казууну, газодинамикалык көрүнүштөрдөн коргоону өз учурунда жүргүзүү боюнча тоо-кен-куруу иштеринин комплекси, анын ичинде көмүрдүн, тектердин жана газдардын, тоо-кен соккуларынын таштандыларын жана даярдалуучу запастарды жеткире чалгындоо. Тоо-кен-даярдоо иштеринин негизги мазмуну - кен казып алуу ишканасынын казылган участокторунун контурларын белгилеген даярдоо иштерин жүргүзүү;

4) тоо-кен казып алуучу ишкана - пайдалуу кен чыккан жерди иштетүүнү жүзөгө ашыруучу ишкана;

4-1) (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы N 243 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5) тоо-кен казып алуучу жана/же кенди кайра иштетүүчү ишканалардын негизги каражаттары - аталган ишканалардын техникалык долбоорунда жана/же техникалык-экономикалык негиздемеде каралган өндүрүлгөн жана/же сатып алынган мүлкү, анын ичинде:

а) жүргүзүлгөн жана жабдылган тоо-кен-капиталдык жана тоо-кен-даярдоо иштери (шахталык үңкүрлөр, штольнялар, квершлагдар, башкы түртүп чыгаруучу жана желдетүүчү штректер, жантаймалар жана бремсбергдер, борбордук жана участоктук суу агызуучу жер астындагы камералар, энергия менен камсыз кылуу жана желдетүү, карьерлердин технологиялык магистралдык автожолдору, капиталдык ачуу, кендин запастарына жетүүнү, ачууну жана даярдоону камсыз кылуучу ачуучу жана кесилиш траншеялар жана башка капиталдык жана кен казып алууну даярдоочу иштеп чыгуулар, тоо-кен жабдуулары, технологиялык жабдуулар, жеңил автомобилдерин кошпогондо башка автотранспорт);

б) пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү жана минералдык чийки затты кайра иштетүү үчүн тоо-кен-транспорттук машиналар, технологиялык жабдуулар, ошондой эле негизги жана көмөкчү багыттагы башка жабдуулар;

в) негизги жана көмөкчү багыттагы имараттар жана курулмалар;

г) транспорттук жолдор;

6) ата мекендик уюмдун ири инвестициялардан пайдасы - жалаң жаңы жабдууларды пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды кайра иштетүүнүн натыйжасында алынган товарларды өндүрүүнү кошуп алганда, өз өндүрүшүнүн товарларын өндүрүү жана сатуу боюнча ишти жүзөгө ашыруудан түшкөн, ушул бөлүмгө ылайык эсептелген, ата мекендик уюмдун пайдасы, эгерде салык төлөөчү:

а) салыктык мезгилдин ичинде өндүрүлгөн продукцияны сатуудан 170000000 сомдон кем эмес суммадагы акчаны алса; жана

б) салыктык мезгилдин ичинде ай сайын 150000 сомдон кем эмес суммадагы киреше салыгын төлөп турса; жана

в) 10000000 сомдон кем эмес төлөнгөн уставдык капиталы болсо.

Ушул беренеде Кыргыз Республикасынын аймагына 2015-жылдын 1-майынан кийин алып келинген жана ага чейин анын аймагында пайдаланылбаган негизги каражаттар, ошондой эле ата мекендик уюмдун менчиги болуп саналган колдонуудагы же ал тарабынан каржы ижарасы (лизинг) келишимине ылайык пайдаланылган кыймылсыз мүлк жаңы жабдуу деп түшүнүлөт. Салык төлөөчү 2015-жылдын 1-майынан кийин алып келген жана салык төлөөчү 2015-жылдын 1-майына чейин сатып алган же өндүргөн негизги каражаттарды же өндүрүштүк комплексти кеңейтүү же жаңылоо үчүн пайдаланылган негизги каражаттар жаңы жабдууга кирбейт. Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы жабдууларды алып келүү фактысы Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына же Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык товарларды алып келүү учурунда жол-жоболоштурулуучу документтер менен ырасталууга тийиш. (КР 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [205-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-205)  
Кийинки берене: [207-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-207)
